Конференция « КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕГИОНДОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ. РЕГИОНАЛДЫК ТАРЫХ. ЫСЫК-КӨЛ. МУРАТААЛЫ БИЙ»

Кыргыз Республикасынын президенти С. Жээнбековдун 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялаган Жарлыгын аткаруу максатында жана мамлекеттик стратегиялык өнүгүү багытынын алкагында 2019-жылдын 25-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университинде И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте « КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РЕГИОНДОРУН ӨНҮКТҮРҮҮ. РЕГИОНАЛДЫК ТАРЫХ. ЫСЫК-КӨЛ. МУРАТААЛЫ БИЙ» аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
Конференциянын ачылышында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Курманбек Абдылдаев, КР Президентинин Жогорку кенештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев, КР ЖК депутаты Максат Сабиров, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев , Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, Коомдук-саясий ишмер, И.Арабаев ат. КМУнун манастаану факультетинин деканы, профессор Топчубек Тургуналиев, Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Муратаалы бийдин урпагы Бекбоо Маматбеков куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Конференциянын пленардык бөлүгүндө докладдар менен Каниметов Эмиль, ф.и.к., И.Арабаев атындагы КМУ илимий иштер боюнча проректору, Бекбосун Бөрүбашев, юридика илимдин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Ташманбет Кенесариев, т.и.д., профессор КМУ, Дөөлөтбек Сапаралиев — т.и.к., БГУ кафедра башчысы, профессор, Баяс Турал, т.и.к., белгилүу жазуучу, публицист, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ нун Кыргызстандын тарыхы жана аны окутуунун усулу кафедрасынын доценти, т.и.к. Каниметов Адыл, манастаннуу кафедрасынын доценти, ф.и.к. Абдубалиева Бактыгуль чыгышты.
Иш-чара музыкалык тыныгуу менен коштолуп, жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

На данном изображении может находиться: один или несколько человек и люди стоят
На данном изображении может находиться: 13 человек, толпа и в помещении

Оставьте комментарий