“Туризмдин туруктуу өнүгүүсү: айыл ишкердүүлүк жана маданий мурастар” долбоорунун алкагында дипломдук практика

Мен Токтобек кызы Гүлбарчын Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарых жана туризм факультетинин 4-курсунун студентимин. Азыркы учурда Грузия мамлекетинде 2019-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин Кыргызстан, Грузия жана Норвегиянын ортосундагы “Туризмдин туруктуу өнүгүүсү: айыл ишкердүүлүк жана маданий мурастар” долбоорунун алкагында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин жана Адам университетинин студенттери менен биргеликте дипломдук практика өтүүдөбүз.
Грузия табияты кооз, тарыхый мурастарга бай мамлкеттердин бири. Байыртадан бери сакталып келе жаткан чиркөөлөрү, сепилдери жана өзгөчө салттары көргөн адамды суктандырбай көйбөйт. Нымдуу субтропикалык климат болгондуктан бул жакта жамгыр көп жаап кыш болбойт десе да болот. Күнөстүү өрөөндөгү жүзүм зарлар менен жемиш бактарынын атагы алыска кеткен.
Бир жума Батуми мамлекеттик университетинде жана бир жума Акаки Тсретелин мамлекеттик университетинде болдук. Ушул убактар аралыгында: «Цхалтубо» курортун, «Баграта», «Гелати», «Мцрела» храмдарын, «Кутаиси жана Батуми» ботаникалык бакчаларын, «Прометей» ункурун, «Гонио» сепилин, «Кутаиси аймактык окуту» институтуна, «Мартвили» капчыгайына ж.б. көптөгөн туристтик объектилерге бардык. Андан тышкары: «Ажара» туризм департаментинде, «Цхалтубо» туристик уюмунда, «Ажара тур» туристик агентствосунда жолугулар өттү. Батуми мамлекеттик университетинде, Акаки Тсретели мамлекеттик мниверситетинде жана Батуми Дениз Академиясында студенттер менен жолугушу өттү. Кыргызстан жөнүндө өзүбүздүн окуган университетибиз жөнүндө презентацияларды жасадык.
Грузия мамлкетине келүү менен мен көптөгөн тажыйырбаларды алдым, билимимди, дүйнө танымымды кенейте алдым.
Дипломдук иш изилдөөнү чет жактан жазганга шарт түзүп берген бул долбоордун иш тобуна, окуутучуларга терең ыраазылыгыгымды билдирем!!!

На данном изображении может находиться: 4 человека, люди улыбаются, люди стоят
На данном изображении может находиться: 2 человека, люди сидят
На данном изображении может находиться: 3 человека

Оставьте комментарий