Жалал-Абад университетиндеги иш сапар

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты, белгилүү драматург Кыял Асаналиева Ош декларациясынын алкагында ички мобилдүүлүк программасы боюнча Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2019-жылдын 1-14-апрелинде иш сапарда . Кыял Айбашевна лекция жана практикалык сабактардан тышкары ЖАМУнун таланттуу студенттери менен бирге “Үзүлгөн үмүт” трагикомедиясын 11-апрель күнү 14:00 дө тартуулайт. Аталган чыгарма ата-энени сыйлоого, ыймандуулукка, адамгерчиликтүү болууга чакырган бул драма руханий дүйнөңүзгө гүлазык болоруна ишенебиз.

На данном изображении может находиться: 21 человек, люди улыбаются, люди сидят и в помещении
На данном изображении может находиться: 5 человек, люди сидят и в помещении

Оставьте комментарий