Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Жылдын мыкты куратору» конкурсунун алкагында орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин ИА-11 тайпасынын куратору Сатыбалдиева Айзат Медетовна «Күчтүү аял кандай болот?» деген темада тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саттын негизги максаты Кыргызстандын тарыхындагы күчтүү аялдар тууралуу маалымат берүү менен бирге студент кыздарды күчтүү болууга үндөө жана коомдо өзүн өзү туура алып жүрүүгө чакыруу болду. Аталган теманын тандалып алынышынын себеби факультеттин басымдуу бөлүгүү кыздар болгондугу. Тарбиялык саатка көптөгөн көргөзмө куралдар колдонулду. Топто иштөө, дискуссия, презентациялоо ыкмалары аркылуу студенттер активдештирилди.