“Бабалар сөзү – руханий жаңылануунун кайнар сөзү” – деген аталыштагы түрк тилдүү элдердин маданияты, адабияты, тили жана тарыхы боюнча өткөрүлгөн Эл аралык симпозиум Алматы калаасындагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинде 16-17 – май күндөрү өткөрүлдү. Анда байыртадан бери келе жаткан бабаларыбыздан улуу мурастары М.Кашкари, Ж. Баласагын, Коркут Ата, Фирдоуси, Низами, Навои сыяктуу ойчул-акындардын философиялык мазмундагы чыгармаларынын бүгүнкү күндөгү тарыхий мааниси тууралуу талкуу уюштурулду.