Кыргыз адабияты жана манастаану кафедрасы

Кафедра башчысы: Жумашова Назира Асанкадыровна

Дареги: Кыргыз Республикасы, Каракол ш., Тыныстанов к. 32 2, 335 каб.

Телефон: +996 701 23 27 35

E-mail: nazira2101@mail.ru

Кафедранын тарыхы


Кафедра алгач «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча бүтүрүүчү кафедра катары кыргыз адабияты жана аны окутуунун методикасы деген аталыш менен кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын курамынан 1993-жылы бөлүнүп чыккан. 2001-жылы кыргыз адабияты кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. 2006-2007-жылдары «Журналистика» адистиги боюнча да бүтүрүүчү кафедра катары адабият теориясы жана журналистика кафедрасы деген аталышка ээ болгон. 2008-жылдан 2012-жылга чейин кыргыз адабияты, ал эми 2012-жылдан бери кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасы деп аталат.

Бул структуралык бөлүм уюшулгандан бери түрдүү мезгилдерде филология илимдеринин кандидаты, доцент К.Абдылдабеков, филология илимдеринин кандидаты, доцент К.А.Абакиров, филология илимдеринин кандидаты, доцент С.Б.Бегалиев, филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу М.Т.Садыров, филология илимдеринин доктору А.Э.Абдыкеримова, филология илимдеринин кандидаты, доцент К.К.Койлубаевдер жетектеп келишкен.

Кафедранын түптөлүшүндө, окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана башка багыттагы иштердин жолго коюлуп, калыптанышында филология илимдеринин кандидаттары, доценттер С.Б.Бегалиев, К.А.Абакиров, Б.Ж.Жумабаев, К.А.Абдылдабековдордун, ага окутуучулар Т.О.Орумбаев, Н.К.Адиевдердин салымы зор.

Кафедранын профессор-окутуучулук курамы түрдүү мезгилдерде айрым өзгөрүүлөргө учураганы менен, уюшулган күндөрдөн бери талыкпастан эмгектенип келе жаткан доценттер, тажрыйбалуу окутуучулар бар. Кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасында учурда 8 адам эмгектенет, алардын ичинде филология илимдеринин 2 доктору, филология илимдеринин 5 кандидаты жана 1 лаборант бар. Профессор-окутуучулар курамынын илимий даражалуулук көрсөткүчү – 100%.


Кафедранын профессор-окутуучулары «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча күндүзгү бөлүмдө, магистратурада жана Үзгүлтүксүз били берүү борборунда билим алып жаткан студенттерге адабияттык циклдеги дисциплиналардан жана университеттеги бардык адистиктерге «Манастаануу», «Кыргыз тили жана адабияты» курстарынан лекцияларды окуп, практикалык, семинардык сабактарды өткөрүп келишүүдө. Ошондой эле студенттердин курстук жана дипломдук иштерине, магистранттардын магистрдик иштерине илимий жетекчилик кылышат.

Кафедра мүчөлөрү илимий-изилдөө иштери жагынан «Кыргыз адабият таануусу жана фольклористикасынын актуалдуу проблемалары» деген жалпы теманын алдында кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери боюнча ар кыл тематикадагы изилдөөлөрдү жүргүзүп келишүүдө. Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыктары илимий макалалар, тезистер түрүндө түрдүү басылмаларда жарыяланып, баяндамалар түрүндө апробацияланып келе жатат.

Кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасы бүгүнкү мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Э.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттери менен байланышка ээ.


Академиялык курамы:

  • Жумашева Н.А. – ф.и.к., доцент, кафедра башчысы
  • Абдыкеримова А.Э. – проф. ф.и.д.
  • Бегалиев С.Б. – ф.и.к доцент
  • Асаналиева К.А. – ф.и.к.,доц.
  • Толубаева Ч.Д. – ф.и.к.,доц.
  • Азимова А.А. – лаборант

Окуу-методикалык иштери

Аталган адистикте кыргыз Кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасында Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин кандтдаты Сапарбек Бегалиев, Аида Абдыкеримова, Келдибек Койлубаев филология илимдеринин кандидаты, доценттер Кыял Асаналиева,Чолпон Толубаева, Назира Жумашовалар эмгектенишет. Илимий даражалуулук 100% ды түзөт.


Тарбиялык иштер

Аталган адистикте кыргыз Кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасында Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин кандтдаты Сапарбек Бегалиев, Аида Абдыкеримова, Келдибек Койлубаев филология илимдеринин кандидаты, доценттер Кыял Асаналиева,Чолпон Толубаева, Назира Жумашовалар эмгектенишет. Илимий даражалуулук 100% ды түзөт.


Академиялык мобилдүүлүк

Университеттин академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча студенттер республиканын ичиндеги жана республикадан тышкары келишим түзүлгөн окуу жайлардан окуп, тажрыйба топтоп доцент К.Асаналиева Ош мамлекеттик университетинде, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде лекция окуп стажировкалардан өтүп келген. Ошондй эле проф. А.Т.Дунканаев Италияда, Түркияда, Индияда, Москвада тажрыйба алмашыр келсе, ал эми доценттер К.Койлубаев, Д.Исмаилова Түркияда тажрыйба алмашуудан өтүшүп, тиешелүү дисциплиналар боюнча лекцияларын окуп келишкен.

Адистиктин окутуучулары республиканын жогорку окуу жайларынын, илимий чөйрөлөрү жана борборлору менен кызматташ мамиледе. Алардан тышкары Казакстандын Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети, Түркиянын, Италиянын, Индиянын, Россиянын университеттери менен илимий-педагогикалык байланышта иштеп келет.


Практика

“Кыргыз тили жана адабияты” адистиктигин студенттери адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик, практикадан атайын келишим түзүлгөн мекемеден өтүшөт. «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин студенттери үчүн практиканы өткөрүү базасы, негизинен, Каракол шаарындагы №4 мектеп-гимназия эсептелет. Мындан сырткары шаардын башка орто мектептерине, гимназия, лицейлерине да (№1 инновациялык мектеп-гимназия, № 15 орто мектеп) жиберет. Алар мектептин тиешелүү класстарына жана мугалимдерине бекитилип берилип, кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү менен бирге өз адистиги боюнча мыкты тажрыйбаларга ээ болот.


Бүтүрүүчүлөр

“Кыргыз адабияты жана манастаануу” адистигинин бүтүрүүчүлөрү республикабыздын бардык булуң-бурчтарында мектептерде мугалим, директор, директордун орун басарынан баштап, илимдин кандидат, докторлук даражаларына ээ болушуп, ал тургай республикадан сырткары да эмгектенишип келет. Алсак, филология илимдеринин доктору, профессор, ошондой эле, белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев, журналист теле алып баруучулар Мирзат Муканов, Каныкей Бозгунова, Кыял Шаршеева, Маданият спорт жана жаштар министирлигинде пресскатчы Айнура Асанбаева, Бакыт Болгонбаев, Казакстан Республикасынын Казак ТВ телеканалында редактор, диктор Нурайым Бейшеналиева сыяктуу бир катар бүтүрүүчүлөрүбүз окуу жайдын гана эмес өлкөбүздүн сыймыгы деп айта алабыз.