Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасы


Билим берүү программасынын негизги максаты эстетикалык тарбия жаатында сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана багытталган окутуу процессинде чыгармачыл ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү чөйрөсүн түзүү болуп саналат.


Кафедранын тарыхы

    Сүрөт жана черчение, кол эмгек адистиги Прежавальск педагогикалык институнун физика факультетинин базасында 1970-жылы ачылган. 1974-жылы өзүнчө «Көркөм-графикалык факультет»  болуп бөлүнгөн. Кийинки университеттеги реорганизацияларга байланыштуу мурунку «Көркөм-сүрөт жана моделдештирүү» факультети «Искусство жана маданият» факультетине озгөртүлүп түзүлгөн.

   2012-2013-окуу жылында факультет кайра түзүлүп, «Кыргыз филологиясы, педагогика жана искусство» факультети болуп аталды. ИЗО кесипчилигиндеги эки кафедра: «Кийимдерди көркөм долборлоо жана дизайн», «Сүрөт искусствосу жана усулдугу» кафедрасы бириктирилип, «Көркөм-сүрөт жана дизайн» кафедрасы болуп кайра түзүлдү. Кафедра көркөм билим берүү багыты боюнча  «Көркөм сүрөт» адистиктерин даярдайбыз. Учурдун талабына ылайык «Көркөм сүрөт» адистигин даярдоо боюнча баардык шарттар түзүлгөн. Мультимедиялык класс, союз учурунда алынган классикалык гипс фондусу, скульптура, жыгач иштетүүчү, зергер, кийим тигүүчү жана сүрөт, живопись класстары бар. Атайын аудиторияларда – сүрөт жана живопись өнөрканалары керектүү окуу-көрсөтмө куралдары, муляждар, гипс жана натюрморттук фонддор, кездеме драпировкалар менен камсыздалган.    

    Студенттердин чыгармачылык дараметин  көтөрүү жана чеберчилигин арттыруу боюнча өз алдынча иштөө иштери жакшы жолго коюлган. Жана ошондой эле тематикалык көргөзмөлөр уюштурулуп, катышкан студенттердин маалымат-каталогун чыгарып турабыз.

     Студенттердин кошумча тарбиялык иш-чаралары щчщн «Толкун» эстетикалык борбору жана спорт комплекси, тил борборлору  иш алып барышат. Мындан тышкары окуу методикалык адабияттардын фондусу абдан чоң. Россия мамлекетинен чыгуучу «Искусство в школе», «Искусство», «Творчество», «ДПИ», «Народное творчество», «Художественный совет», «Юный художник» тиркемелери менен камсыз болгонбуз. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгү АКШ, Израиль, Өзбекстан, Казакстан, Таджикистан жана Россия мамлекеттеринин шаарларынын жогорку көркөм окуу жайларында, мектептеринде жана өкмөттүк кызматтарда эмгектенишүүдө.

    Өзүбүздө болсо, өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарында: элге билим берүү тармактарында – директор, завуч, университеттерде окутуучулук кызматтарда иштеп келишүүдө. Кай бирлери көркөм сүрөт өнөрүнүн мыкты чеберлери болуп өздөрүн көрсөтүүдө.

    Мисалга алсак, Кыргыз Драма-театрынын башкы сүрөтчүсү Ниязакунов С.Н., кол өнөрчүлөрдөн «Кыял» бирикмесинин башкы сүрөтчүсү Чоңбашев А., Каракол шаардык архитектурасынын мурдагы башкы архитектору Айдаралиев Э, КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү: Б. Имангазиев, Абдраев О.А., Ибраев Д.Т., Итикеев Р., Дабаева А.К., Мамбетов Э.Б., К.К. Күчүмуратовдор. Кайыш, жыгач, мүйүздөн көркөм буюм жасаган белгилүү өнөрчүбүз Маразыков Алмазды жана кийим дизайнери Мамбетова Бурулду өзгөчө белгилей алабыз.

    Кафедрада 2 доцент, 1 КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, 3 ага окутуучу,1 окутуучу, 1 окуу мастери жана 1  лаборант эмгектенет. Окутуучулардын орто жаш курагы 40-65. 3 окутуучу учурунда Киев, Санк-Петербург, Вологда шаарларында адистик билимдерин жогорулатышкан. Ошондой эле окутуучулар курамы Эл аралык педагогикалык билимдер академиясынын МАНПО нун сертификаттарына ээ болушкан. Кафедра өзүнүн жалпы тарыхый жолунда көптөгөн илимдин кандидаттарын өстүрүп чыгарышты.  Мисалга алсак, педагогика илимдеринин кандидаттары: Н.К. Невзорова, А.А. Сарбагышов, А.Асанов, К.Элебесов, М.Исмаилов, Б.Усманбетов жана ошондой эле КР НАКтын чечими менен доценттик илимий наамды кафедранын мүчөсү, ЫМУнун ардактуу профессору Мамбетов Темиркул Өмүркулович алган. Учурда кафедраны «Билим берүүнүн мыктысы», КР сүрөтчүлөр  союзунун мүчөсү, ЫМУнун ардактуу профессору, 5-6-класстардын «Көркөм өнөр» окуу китебинин автору доцент Орозобаев Алайбек Керимович жетектейт.

 


Академиялык курам

    1. Орозобаев Алайбек Керимович – кафедра башчысы, доцент
    2. Мамбетов Темиркул Омуркулович – доцент
    3. Турсуналиев Мерген Турсуналиевич –  ага окутуучу
    4. Курманалиева Сабира Рыскуловна – ага окутуучу
    5. Казакбаев Айбек Муңкурович – окутуучу
    6. Термечиков Медет Аскерович – ага окутуучу
    7. Муратова Кымбат Таалайкуловна – окутуучу (Факультатив)
    8. Иманалиев Сардарбек Туратбекович – лаборан
       9. Кабылбеков Темирлан Кабылбекович – кафедранын методисти
       10. Бокоев Калыс Токтосунович – кафедранын методисти
    11. Токтобеков Кайрат Догдурбекович – “Чырак” дизайн студиясынын жетектиси

       12. Эдилова Алия Эдиловна – “Чырак” дизайн студиясынын дизайнери.

 


Материалдык-техникалык база

Кафедранын материалдык-техникалык базасы окуу процессине керектүү методикалык гипс фондусу, көрсөтмө куралдар, натюрморттук буюм-тайымдар жана студенттер үчүн мольберттер жетиштүү санда камсыздалган. Адистик боюнча 10 аудитория-өнөрканасы, 1 мультимедиалык класс, 1 скульптура, 1 жыгачты көркөм иштетүү, 1 кийимдерди тигүү, 1 зергер өнөрканалары бар. Окуу-методикалык адабияттардын фондусу абдан чоң . Мындан тышкары, Россия өлкөлөрүнөн чыгуучу «Искусство в школе», «Искусство», «Творчество», «ДПИ», «Народное творчество», «Художественный совет», «Юный художник» тиркемелери менен камсыз болгонбуз.



Окуу-методикалык иштери

В настоящее время кафедра работает над внедрением учебного процесса в Болонский процесс. В частности, были разработаны новые программы по созданию медиа и учебных планов, сравнивающих медиа Российской Федерации.


Карьералык перспективалар

Бул адистикте жеке эле жергиликтүү элдердин улан кыздары эмес, коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстандан, Казакстан, Таджикистан, Россия өлкөлөрүнөн дагы көп улуттуу улан кыздар менен да толукталып турган. Алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгү АКШ, Израиль, Узбекстан, Казакстан, Таджикистан жана Россия мамлекеттеринин шаарларынын жогорку көркөм окуу жайларында, мектептеринде жана өкмөттүк кызматтарда эмгектенишүүдө . Өзүбүздө болсо, өлкөбүздүн бардык булуң -бурчтарында: элге билим берүү тармактарында директор, завуч, университеттерде окутуучулук кызматтарда иштеп келишүүдө . Кай бирлери көркөм сүрөт өнөрүнүн мыкты чеберлери болуп өздөрүн көрсөтүүдө .


Студенттик жашоо / Тарбиялык иштердин уюштурулушу

Студенческая жизнь \ Организация воспитательной работы
2014-окуу жылында Ч. Айтматовдун 85 жылдыгына карата уюштурулган Көркөм сүрөт өнөр жана «Манас феномени» аттуу көргөзмөлөрү жогорку деңгээлде өтүлүп, катышкан студенттерге буклеттер, баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Кафедра мындан тышкары университеттин жана жалпы эле обулустун масштабындагы коомдук иштерге активдүү катышып келишүүдө. Мобилдүүлүк боюнча 2014-окуу жылынын 26-ноябрында Россия Федерациясынын М.Шукшина атындагы Алтай мамлекеттик билимдер академиясы-нын «Көркөм сүрөт» адистигин Т-ИЗО 101 тайпасынын студенти Лошковой К.В. биздин «Көркөм сүрөт» адистиктин студенттери менен өткөн мастер-класс сабагы өтүлдү.
Ички мобилдүүлүк боюнча 2 студент: ИЗО-21, ИЗО-31 тайпаларынан Бакиров А. жана Букарбекова А. Ош мамлекеттик университетинин Көркөм графикалык факультетинин «Көркөм сүрөт» адистигинен 1 семестр окуп келишти.

 


Биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр

– Ниязакунов С.Н. – Кыргыз Драма театрынын башкы сүрөтчүсү
– Чоңбашев А. – кол өнөрчүлөрдөн «Кыял» бирикмесинин башкы сүрөтчүсү
– Айдаралиев Эржигит – Каракол шаардык архитектурасынын башкы архитектору.
Ушуну менен бирге эле КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Б. Имангазиев, Абдраев О.А., Ибраев Д.Т., Итикеев Р., Дабаева А.К., Мамбетов Э.Б., К.К. Күчүмуратовдорду белгилей кетебиз. Кайыш, жыгач, мүйүздөн көркөм буюм жасаган белгилүү өнөрчүбүз Маразыков Алмазды жана кийим дизайнери Мамбетова Бурулду, Чыныбаева Кымбатты өзгөчө белгилей алабыз. Кийинки университетибиздеги кайра өзгөрүүлөргө байланыштуу, Көркөм-сүрөт жана моделдештирүү факультети искусства жана маданият факультети болуп кайра түзүлүп, «Дизайн», «ИЗО», «Кийимдерди көркөм долборлоо» адистиктерин даярдап келдик.