ЫМУнун студенттери “Кургак учукка каршы күрөшүү” марафонунда алдыңкы орундарга ээ болушту

2021-жылдын 24-мартында Каракол шаарында “Кургак учукка каршы күрөшүү” күнүнө карата өткөрүлгөн марафонго К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин студенттери дагы катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. 29-мартта ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич марафондон 1-орунду алган ФС-41 тайпасынын студенти Исламбек Махмедовду жана 2-орунду ээлеген ФС-31 тайпасынын студенти Усупбеков Акбердини кабыл алып, алган кубок, грамоталары менен куттуктап, студенттердин спорт жаатында дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратарына тилектеш экенин белгиледи. Студенттер өз кезегинде сергек жашоонун маанилүүлүгүн айтып, Каракол шаарынын жаштарын спорт менен машыкканга чакырып өтүштү.