ТИКАнын Бишкектеги координатору ЫМУга иш сапары менен келди

2021-жылдын 30-мартында Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координатору Осман Уста Мырза жана кызматкери Санжар Алтымышев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине иш сапары менен келип, ректор Иманбаев Аскар Асангазиевич, илимий иштер боюнча проректор Зиялиев Кадырбек Жанузакович жана эл аралык бөлүмдүн башчысы Иманакунова Индира Жекшеналиевна менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, ТИКА жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кызматташтыгын кеңейтип, жаңы долбоорлордун үстүндө иш алып баруу пландары талкууланды.