«Финка Банктын” сатуу боюнча менеджери конок лекция өттү

2021-жылдын 31-мартында ЗАО «Финка Банктын” сатуу боюнча менеджери, финансылык сабаттуулук боюнча тренер Эшенов Данияр Доолоткелдиевич Экономика жана туризм факультетинин студенттерине «Финансы дүйнөсүнө саякат» темасында конок лекция өттү. Лекцияда финансылык сабаттуулук; үй-бүлө жана өздүк финансыны пландоо; финансылык коопсуздук тууралуу кенен баяндама жасады. Студенттерге практиктен маалымат алуу кызыктуу болуп, көптөгөн суроолорун беришти.