ЫМУда аккредитация боюнча семинар болуп өттү

2021-жылдын 1-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында “ Кесиптик негизги билим берүү программасын (OBEP) иштеп чыгуу жана өркүндөтүү” деген темада семинар болуп өттү. Семинарды С.М. Мамбеталиева, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча көз карандысыз агенттиктин директорунун орун басары өтүп берди.

Тренинг интерактивдүү режимде болуп, анда тренер жана катышуучулар негизги кесиптик билим берүү программасын аккредитациялоо экспертизасына даярдоого байланыштуу маселелерди карашып, аккредитациялоонун стандарттарына жана критерийлерине шайкеш келген бир катар көнүгүүлөрдү аткарышты.

Семинардын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Университеттин окутуучулар жамааты жана ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич С.М. Мамбеталиевага тренингди жогорку деӊгээлде өтүп бергендиги үчүн Ыраазычылык кат тапшырды.