Объявление

Кыргыз элинин чыгаан уулу, акын, драматург, прозаик, кыргыз тили илиминин түптөөчүсү, агартуучу, кызыл профессор К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата “Биринчи кызыл профессор К.Тыныстанов студенттердин көз карашында” деген темадагы факультеттер аралык көркөм окуу, дил баян, фото конкурс жана видеороликтердин онлайн сынагынын

ЖОБОСУ

К.Тыныстановдун өмүр жолун, чыгармачылыгын, кыргыз элине калтырып кеткен баа жеткис мурастарын студенттердин арасына кеңири жайылтуу максатында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Кыргыз элинин чыгаан уулу, акын, драматург, прозаик, кыргыз тили илиминин түптөөчүсү, агартуучу, кызыл профессор К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата “Биринчи кызыл профессор К.Тыныстанов студенттердин көз карашында” деген темадагы факультеттер аралык көркөм окуу, дил баян, фото конкурс жана видеороликтердин онлайн сынагын жарыялайт.
Өтүүчү убактысы: 1-апрелден 15-майга чейин
Кароо-сынактын шарттары:
К.Тыныстановдун өмүр жолунан, чыгармаларынан бирден тема тандап, үч беттен турган дил баян жазуу;
К.Тыныстановдун чыгармаларынан бирден көркөм окуу даярдап whatsapp аркылуу 0701603088 номерине жөнөтүү;
К.Тыныстанов боюнча үч мүнөттүк видеоролик тартып #Тыныстанов120 #ЫМУ_мамтил хештегдери менен соц. тармактарга жайгаштыруу;
Фотоконкурс бардык тармактарда, айлана чөйрөдө болуп жаткан кызыктуу көз ирмемдерден түстүү жана ак-кара түрүндөгү тартылган фото сүрөттөрдү А4 форматта рамкага салып “Көркөм-сүрөт жана дизайн” кафедрасына тапшыруу.
Кароо сынак эки этапта өтөт:
1-этап: тандап алуу туру факультеттер ичинде 2021-жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт.
2-этап: факультеттерден тандалып алынган мыкты делинген иштер 2021-жылдын 1-майынан 30-майына чейин жогоруда көрсөтүлгөн whatsappка жана хештегге жайгаштырылат.

Сынакка атайын дайындалган калыстар тобу баа берет.
Сынактын жыйынтыгы менен орундар белгиленип, баалуу сыйлыктар берилет.
Сыйлыктар сентябрь айында К.Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чараларды жыйынтыктоочу эл аралык илимий-практикалык конференцияда тапшырылат.
Сурап билүү үчүн 5-08-36 телефонуна кайрылыңыздар.