ЫМУда жашыл экономика жумалыгы башталды

12-апрелде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде
ERASMUS + программасынын “Азиянын үч өлкөсүндө: Индия, Кыргызстан, Непалда жашыл экономиканы чыңдоо” (EGEA) долбоорунун алкагында “ЫМУ “жашыл” келечек үчүн!” темасында жашыл экономика жумалыгы башталды. Жашыл жуманын биринчи күнү Каракол шаарынын ЖОЖдорунун студенттери жана мектеп окуучулары үчүн “Калдыктарды өзүнчө чогултуу” темасында лекция болуп өттү. Лектор “Дестинация – Каракол” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ширин Турганбаева болду.

Ширин Турганбаева таштандыларды өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүүнүн жашыл экономика концепциясындагы орду, ошондой эле айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууда жана таштанды төгүлүүчү жайлардын санын азайтуудагы ролу жөнүндө айтып берди. Ал студенттерди жана мектеп окуучуларын таштандылардын түрлөрү жана кайра иштетүү, өнүккөн өлкөлөрдүн таштандыларды башкаруу жаатындагы тажрыйбасы менен тааныштырып, өзүнүн таштандыларды өзүнчө чогултуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Мектеп окуучулары жана ЫМУнун студенттер бул теманын азыркы күндө актуалдуулугун белгилешип, мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу керектигин айтып өтүштү.