ЫМУда жашыл экономика жумалыгынын алкагында “Quiz Night” интеллектуалдык оюну уюштурулду

2021-жылдын 13-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУда ERASMUS + программасынын EGEA долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан жашыл экономика жумалыгынын экинчи күнүндө “Калдыктарды өзүнчө чогултуу” темасында “Quiz Night” интеллектуалдык оюну уюштурулду. Оюн эки сменада өткөрүлүп: биринчи сменада мектептердин окуучуларынын сегиз командасы (№1,2,3,4,5,6,9,11 мектептер) ойносо, экинчисинде ЫМУнун студенттеринин беш командасы катышты.

Оюнда таштандыларды бөлүү, жашыл экономика жана калдыктарды натыйжалуу башкаруу маселелери боюнча суроолор берилди.

Интеллектуалдык оюндан кийин, мектеп окуучулары командаларга бөлүнүп, уникалдуу жана модернизацияланган LEGOдон Green City шаарын иштеп чыгышты. Анда таштанды челектери, күн батареялары, калдыктарды кайра иштетүүчү заводдор орун алып, жашоочуларды тазалыкка үйрөтүүчү жаңы ыкмалар дагы каралган. Ал эми студенттерге окуучулардын даяр проектилери берилип, алар макеттин баштапкы идеяларын болжоп, өзүлөрүнүн жаңы сунуштарын киргизишти.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды.

Мектеп командаларынын арасынан жеңүүчүлөр:
• 1-орун – “Green” командасы, Пржевальск атындагы №2 мектеп-гимназиясынын окуучулары;
• II орун – “Green team” командасы, Ленин атындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучулары;
• III орун – “НEКOMA” командасы, Ж.Каныметов атындагы №11 мектеп-гимназиясынын окуучулары.

Студенттер арасындагы оюндун жеңүүчүлөрү:
• 1-орун – “Green” командасы, Орус филологиясы жана чет тилдер факультети;
• II орун – “Колибри” командасы, Экономика жана туризм факультетинин студенттери;
• III орун – “Ачык Асман” командасы, Кыргыз филологиясы жана педагогика факультетинин студенттери.

Quiz Night оюнунун катышуучулары жашыл экономикага болгон кызыгуусун билдирип, жаштардын эко ой жүгүртүүсүн калыптандырууга салым кошкон ушул сыяктуу иш-чаралардын дагы көп өткөрүлүп туруусуна тилектеш экенин белгилешти.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө мектеп окуучуларынын катышуусун камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Иш-чара бардык санитардык нормалардын сакталышы менен өткөрүлдү. Окуучуларга маскалар таратылып, алардын колдору антисептик менен тазаланды.