Жашыл экономика жумалыгынын алкагында “Жашыл экономикага өтүүдөгү ЖОЖдордун ролу” темасында тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 14-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУда ERASMUS + программасынын EGEA долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан жашыл экономика жумалыгынын 3-күнүндө ““Жашыл” экономикага өтүүдө ЖОЖдордун ролу ”деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго окуу иштери боюнча проректор Ж.Ш.Токтакунов, Физика жана электр менен камсыздоо кафедрасынын ага окутуучусу З.В.Дөкөнбаев, колледждин, физика-техникалык факультетинин окутуучулары жана EGEA долбоорунун жумушчу тобу катышты.

Тегерек столду И.Ж.Иманакунова ачып, анда “Азиянын үч өлкөсүндө: Индия, Кыргызстан, Непалда жашыл экономиканы чыңдоо” (EGEA) долбоору, университеттеги жашыл экономика жумалыгы, жумалыктын алкагында өткөрүлгөн жана пландалган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди. Окуу иштери боюнча проректор, Машина куруу жана автомобиль транспорту кафедрасынын доценти Ж.Ш.Токтакунов автомобиль транспортунун адамдарга жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири жөнүндө презентация кылып, Каракол шаарынын абасын тазалоо жолдорун сунуш кылды. Ошондой эле, “Жашыл транспорт” аттуу жаңы дисциплинасын киргизүү маселеси машина таануу жана автомобиль транспорту кафедрасында талкууланып жаткандыгын билдирди. Физика жана электркамсыздоо кафедрасынын ага окутуучусу З.В.Дөкөнбаев
жаратылыш булактарын сактоо үчүн Ысык-Көл облусунда колдонууга мүмкүн болгон күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык энергия менен тааныштырды. Андан ары Б.К.Калдыбаев туруктуу өнүгүүнүн шартында жашыл экономика жөнүндө сөз кылды. EGEA проектинин жумушчу тобу долбоордун алкагында бул жылы киргизилген жаңы дисциплиналар тууралуу маалымат беришти. Г.Е.Сариева “Калдыктарды башкаруу” курсу жөнүндө; Ч.С.Карыбаева “Жашыл экономика: билимден иш-аракетке” дисциплинасы боюнча; Г.Б.Кадырова “Экология” курсун модернизациялоо жөнүндө, А.Б.Кучукова “Экологияны башкаруу” курсу жөнүндө; Э.К.Кыдыкбаева “Жашыл экономика үчүн корпоративдик каржы” курсу жөнүндө; З.Я.Даутова “Жашыл инновациялар” дисциплинасын тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чаранын соңунда жашыл экономика темасын мындан ары өнүктүрүү жолдору жана пландары боюнча талкуу болуп өттү.