ЫМУнун студенттери жана окутуучулары бала бакчанын тарбиялануучуларына таштандыларды бөлүштүрүүнү үйрөтүштү

2021-жылдын 14-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жашыл экономика жумалыгынын алкагында, ERASMUS + программасынын “Азиянын үч өлкөсүндө: Индия, Кыргызстан, Непалда жашыл экономиканы чыңдоо” (EGEA) долбоорунун жумушчу тобу GreenLab IKSUнун ыктыярдуу студенттери менен жаш муундардын арасында таштандыларды бөлүштүрүү боюнча аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу максатында Каракол шаарынын №3 жана №13 бала бакчаларында үйрөтүү иштерин жүргүзүштү.

Балдар “Таштанды идишин танда” оюнун ойношуп, тапшырмаларды аткарышып, таштандыларды туура бөлүштүрүүнү үйрөнүштү. Жыйынтыгында, оюн тапшырмасына активдүү катышкан балдарга белектер тапшырылды.

Кичинекей балдар өзгөчө сезимтал болуп турган мезгилден баштап жаратылышты сыйлоого үйрөтүү керек. Бул эмоционалдык өбөлгөлөрдү жана экологиялык жоопкерчиликти жаратат.

Тарбиячы Мээрим Жээнбековнага жана Гүлзат Бейшебаевнага терең ыраазычылк билдиребиз.