ЫМУда “Ачык эшиктер күнү” онлайн түрүндө өткөрүлдү

2021-жылдын 28-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Ачык эшиктер күнү” онлайн түрүндө өткөрүлдү. Кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жана университеттин активдүү студенттери окуучуларга жана ата-энелерге окуу жай, факультеттер, адистиктер жана студенттик турмуш тууралуу кенен маалымат берип, 2021-2022-окуу жылына карата университетке кабыл алуунун шарттары жөнүндө айтып беришти. Окуучулар эл аралык байланыштар, окуу акысы жана кош диплом тууралуу кызыккан суроолорун узатышып, жооп ала алышты.