ЫМУда «Филология адистигинин предметтерин компетенттүүлүкө негиздеп окутуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн-семинар болуп өттү

2021-жылдын 29-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасы тарабынан уюштурулган «Филология адистигинин предметтерин компетенттүүлүкө негиздеп окутуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн-семинар болуп өттү. Семинарга К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Казак мамлекетинин Абай атындагы университети, Түркия мамлекетинин Фират университети, Кыргыз – Түрк «Манас» университети жана Талас мамлекеттик университеттеринин илимпоз окумуштуулары, окутуучулары, докторанттары, аспиранттары жана магистранттары катышышты. Иш чараны К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору, Иманбаев Аскар Асангазиевич ачып, семинардын катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

Аталган семинарга К.Карасаев атындагы БМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору Акматов Болот Мекенович «Жогорку окуу жайларда кыргыз адабиятын компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун жолдору жана проблемалары», Казак мамлекетинин Абай атындагы университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Косымова Гулбану Сейилбек кызы «Чечендик өнөрдү окутуу – замандын талабы», К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Дунканаев Абдыкалык Токтогулович «Кыргыз тили жана адабиятын окутуудагы жалпы көйгөй маселелер», Түркия мамлекетинин Фират университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Ержан Алкая «Түркиядагы кыргыз тилин окутуу», Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, филология илимдеринин доктору Маразыков Турусбек Сейдакматович «Көркөм тексти иликтөө маселелери», Түркия мамлекетинин Фират университетинин магистрантты Тугба Гөкбайыр «Кыргыз тилинде тил жана сөз тууралуу макал-лакаптар» жана докторант Мехмет Гөкбайырла «Түркияда кыргыз тили жөнүндө жазылган эмгектер» аттуу илимий баяндамаларын жасашты.

Илимий-практикалык семинарда абдан актуалдуу маселелер көтөрүлүп, жогорку деңгээлде өттү. Ошондой эле семинарга катышкан окумуштуулар Акматов Болотбек Мекенович, Косымова Гулбану Сейилбек кызы, Маразыков Турусбек Сейдакматович жана Дунканаев Абдыкалык Токтогуловичтер семинарда каралган меселелер эң мыкты саамалыктын башталышы экендигин айтышып, илимий-семинарды уюштурган филология илимдеринин кандидаты, доцент Жумашова Назира Асанкадыровнага терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да тереңдетип эл аралык деңгээлде ЖОЖдордун ортосунда өткөрүү керектигин сунуштап өтүштү.

Иш чаранын соңунда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору, Иманбаев Аскар Асангазиевич семинарга катышып, доклад жасаган окумуштуу профессорлорго терең ыраазычылыгын билдирип, ф.и.д. Ержан Алкая, ф.и.д. Косымова Гулбану Сейилбек кызы, п.и.д. Акматов Болот Мекенович, ф.и.д. Маразыков Турусбек Сейдакматович жана ф.и.д. Дунканаев Абдыкалык Токтогуловичтерге «Ыраазычылык кат», ал эми магистрант Тугба Гөкбайыр жана докторант Мехмет Гөкбайырларга сертификаттар берилди.