ЫМУ институционалдык жана программалык көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ААПО) 2021-жылдын 30-апрелинен №3/21/02 буйругунун негизинде Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 5 жылдык мөөнөткө институционалдык жана программалык көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

2021-жылдын 8-9-апрелинде Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгынын негизинде бакалавриат боюнча 22, магистратура боюнча 1 жана орто кесиптик билим берүү боюнча 1 билим берүү программалары аккредитациядан өттү.

Көз карандысыз аккредитациядан өтүү Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү сапатынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп берерин, ошондой эле институционалдык аккредитациянын талаптарын канаатандырарын билдирет.