Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине жана Эгемен Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган “Казат Акматов – улуттун чыгаан уулу, адабияттын орошон өкүлү” илимий коференциясы болуп өттү

2021-жылдын 6-майында Чолпон-Ата шаарында кыргыз эл жазуучусу, драматург, публицист, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын (КДК) тең төрагасы Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине жана Эгемен Кыргызстандын 30 жылдыгына арналган “Эгемен Кыргызстандын жарчысы” аттуу көргөзмөнүн ачылышы жана “Казат Акматов – улуттун чыгаан уулу, адабияттын орошон өкүлү” илимий коференциясы болуп өттү. Иш-чарага Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Иманбаев Аскарбек Асангазиевич, тарбиялык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Атыгаев Бакыт Исаевич жана Кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин окутуучулары катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө ЫМУнун Кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин окутуучулары жазуучунун жашоосун, чыгармачылыгын жана ишмердүүлүгүн чагылдырган илимий докладдарын окушту: факультеттин деканы, ф.и.д. А.К. Койлубаева “Казат Акматов жана мамлекеттик тил маселеси”, ф.и.д., профессор А.Э.Абдыкеримова “Адабияттын ак жарыгы же жылдар күндү айланганда”, т.и.к., доцент А.Каниметов “Казат Акматов – демократиялык кыймылдын баштоочусу”, ф.и.к., доцент Н.А.Жумашева “Мезгил сынынан өткөн “Мезгил”, ф.и.к., доцент Ч.Толубаева “Казат Акматовдун кыргыз адабиятына кошкон салымы”, акын, жазуучу, котормочу, аспирант Ибрагим Хан Түрк “Кыргыз-түрк жалпы котормолор”, “К.Акматовдун чыгармаларынын жалпы котормолору” темаларында докладдарын окуп, өзүлөрүнүн пикирлери менен бөлүшүштү.

Соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынды.