Магистранттардын магистрдик диссертациясын алдын ала коргоосу болуп өттү

2021-жылдын 6-майында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Педагогика багытынын (550700) «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистигинин МП-2 тайпасынын магистранттарынын магистрдик диссертациясын алдын ала коргоосу болуп өттү. Конференцияны Башталгыч билим берүү кафедрасы уюштуруп, илимий жетекчилер, доцент Т.Байтикова, доцент Ч.Курманалиева, доцент Н.Акматовдор катышышты. Кафедра башчысы доцент Т.Байтикова 15-июнда мамлекеттик аттестациялоо башталып, комплексттик экзамен тапшыруу жана магистрдик диссертациялык ишти коргоо тартиби боюнча маалымат берди. Доцент Ч.Курманалиева жана доцент Н.Акматовдор магистранттарды илимий иштерин жетектөө мезгилинде иликтөөлөрдүн жүргүзүү абалы, магистранттардын эл аралык илимий-теориялык конференцияларга активдүү катышкандыктары, алардын илимий макалалары басмадан жарык көргөндүгүнө кеңири токтолушту. Магистранттар: Н.Сабырбекова, А.Чолпонбаева, Н.Кадырмахмедова, Г.Бекташова, Д.Айталиева, А.Омошева, Шаяхмат кызы Саадат, А.Асаналиевалар илимий иликтөөлөрү тууралуу сөз сүйлөшүп, иштеринин актуалдуулугу, коюлган максатка жетүү аракеттери, изилдөөдө колдонулган илимий-методдор жана илимий булактар тууралуу кеңири баяндама беришип, жыйынтыгында магистранттардын илимий изилдөө иштери коргоого даяр болуп калгандыгы маалым болду.