«Энактус Кыргызстандын» менеджери ЫМУнун студенттери менен кезикти

7-майда «Энактус Кыргызстандын» менеджери Камила Чурукова ЫМУга иш сапары менен келип, Enactus сынагына катышкан студенттер менен жолугушту. Ал Enactus Kyrgyzstan программасынын ишмердүүлүгү, баалуулуктары жана мелдештерге даярдануу процесси жөнүндө айтып берди. Камила аймактык, улуттук мелдештер жана Enactus дүйнөлүк кубогу жөнүндө кененирээк маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.