ЫМУнун колледжинин окутуучусу тажрыйба алмашуу максатында Мухтар Ауэзов атындагы түштүк-казак университетине барып келди

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин окутуучусу Турукбаева Аида Канатбековна 2021-жылдын 19-апрелден-5-майга чейин Мухтар Ауэзов атындагы түштүк-казак университетине тажрыйба алмашуу максатында барып келди. 23-апрелде Теория и методика дошкольного и начального обучения кафедрасы тарабынан уюштурган «Проблемы начальной школы: настоящее и будущее» аттуу тегерек столго «Методы исследования состояния и причины неуспеваемости у современных школьников» деген темада 30- апрелде «Современная педагогика и психология» кафедрасы тарабынан уюштурулган «Повышение интереса студентов к научно- исследовательской деятельности в системе университетского образования» аттуу эл аралык тегерек столдо «Социально – педагогические аспекты неуспеваемости учащихся подросткового возраста» деген темада докладдарды жасап, сертификатка ээ болду.

Башталгыч билим берүү адистигинин 3-курсунун студенттерине «Спектр жөнүндө түшүнүк жана жарык булактары» темасында сабак өтүп жана тажрыйба алмашуу максатында сабактарга да катышып тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Университеттин илимий китепканасы менен таанышып илимий ишине материал да топтоду. Соңунда Мухтар Ауэзов атындагы түштүк-казак университетинин жетекчилиги ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевичке билим берүү, илим жана инновация багытында кызматташууга ыраазычылык билдиришти.