Табигый илимдер жана дене тарбия факультети


Факультеттин тарыхы

Табигый
илимдер жана дене тарбия факультети тарыхка бай университеттин мурунку
факультететеринин бири. Аймактардагы жалпы билим берүү мектептеринде
педагогикалык кадрлардын жетишпестигинен, табигый илимий билим берүү тармагында
1971- жылы Табигый илимдер кафедрасы, ал эми 1974- жылдан Табигый географиялык
факультети ачылган.
Факультеттин негизги
максаты география жана биология мугалимдерин даярдап чыгаруу. Калыптанган жаӊы
соода- сатык шарттарына жана айыл чарба тармактарына адистердин керек
болгондугуна байланыштуу факультеттин базасында 1993- жылдан тартып экология,
токой чарбасы, туризм тармактары боюнча адистерди даярдоо башталган.
Кийинчерээк ЫМУнун окумуштуулар кеӊешинин чечими боюнча экология, токой чарбасы,
туризм жана география кафедраларынын базасында «Туризм жана жаратылышты
пайдалануу» институту, ал эми биология, химия жана фармация кафедралардын
базасында химия- биология факультети түзүлгөн.

Университеттин
структурасында байкалган бир топ өзгөрүүлөрдөн кийин 2016-2017 окуу жылынан
баштап факультет «Табигый илимдер жана дене тарбия» факультети деп аталат.

Факультеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салымын кошкон окутуучулар: Ш.Токомбаев- г.и.к., доцент, М.Жумагулов, Т.Абдыкадыров, Ж.Сыдыков, Э.Рыскулов.

Факультеттин ардактуу, сыймыктуу профессорлору: И.Асанбеков, Ш.Качекова, С.Кадыркулова, И.Осмонов, Б.Сабатаров. Доцент И.А.Асанбеков Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген ишмер. Осмонбаева К.Б. факультеттин деканы биология илимдеринин кандидаты, доцент, айлана чөйрөнү коргоо боюнча отличник.