“ϴзгөрүүлөрдү башкаруунун элементтери”

2022-жылдын 25-февралында Колледждин Жалпы гуманитардык жана педагогика бөлүмүнүн студенттерине жана окутуучуларына Б. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин окутуучусу Давлетова Динара Курбановна “Конок лектор” катары келип, “ϴзгөрүүлөрдү башкаруунун элементтери” деген темадагы кызыктуу лекциясын окуп берди. Лекциянын жүрүшүндө жалпы аудиторияны топторго бөлүп иштетүү менен өтүлгөн лекция боюнча кайтарым байланыш алуу мүмкүнчүлүктөрү дагы ишке ашырылды. Окутучулар менен студенттердин өз-өзүнчө топтордо иштөөсүндөгү алынган жооп-презентациялардагы ойлор жаӊы идеяларды жаратуу менен аудиторияда жагымдуу атмосфера түздүлдү.