ЫМУда “Web-разработка” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

2021-жылдын 4-майында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде (ЫМУ) “Web-разработка (Введение во Front-end разработку)” кыска мөөнөттүү курстун 2-агымынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Сертификаттарды К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Иманбаев Аскарбек Асангазиевич тапшырып, угуучуларды курсту ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алган билимдерин татыктуу колдонушуна тилектеш экенин билдирди.

ЫМУ институционалдык жана программалык көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ААПО) 2021-жылдын 30-апрелинен №3/21/02 буйругунун негизинде Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 5 жылдык мөөнөткө институционалдык жана программалык көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

ЫМУда бизнес-инкубатордун ачылышы болуп өттү

2021-жылдын 30-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде студенттердин бизнес идеяларын, стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун колдоо максатында түзүлгөн бизнес-инкубатордун ачылышы болуп өттү.

ЫМУда «Филология адистигинин предметтерин компетенттүүлүкө негиздеп окутуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн-семинар болуп өттү

2021-жылдын 29-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасы тарабынан уюштурулган «Филология адистигинин предметтерин компетенттүүлүкө негиздеп окутуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн-семинар болуп өттү. Семинарга К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Казак мамлекетинин Абай атындагы университети, Түркия мамлекетинин Фират университети, Кыргыз – Түрк «Манас» университети жана Талас мамлекеттик университеттеринин илимпоз окумуштуулары, окутуучулары, докторанттары, аспиранттары жана магистранттары катышышты.

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2021-жылдын 29-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда төмөнкү маселелер каралды:

ЫМУда “Ачык эшик күнү” онлайн түрүндө өткөрүлдү

2021-жылдын 28-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Ачык эшик күнү” онлайн түрүндө өткөрүлдү. Кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жана университеттин активдүү студенттери окуучуларга жана ата-энелерге окуу жай, факультеттер, адистиктер жана студенттик турмуш тууралуу кенен маалымат берип, 2021-2022-окуу жылына карата университетке кабыл алуунун шарттары жөнүндө айтып беришти.

Саясий репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрүн казып алуу иштеринин башында турган Абдрахманов Болот Жумашевич ЫМУда

2021-жылдын 27-апрелинде саясий репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жаткан жери тууралуу алгачкы маалыматты алып, аларды казып алуу иштеринин башында турган тарых илиминин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Абдрахманов Болот Жумашевич К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине келип, студенттерге репрессия жөнүндө кеңири маалымат берди.

ЫМУда орус тили декадасы болуп өттү

2021-жылдын 23-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окуу залында 13-апрелден 23-апрелге чейин созулган, Ф.М.Достоевскийдин 200 жылдыгына арналган орус тили декадасынын жабылыш аземи болуп өттү.

“Жогорку окуу жайларында кыргыз тилинде окутуунун окуу-усулдук базаларын түзүү” темасында онлайн семинар болуп өттү

2021-жылдын 23-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмү жана кыргыз тил кафедрасы “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилинде окутуунун окуу-усулдук базаларын түзүү” темасында онлайн семинар уюштурушту. Семинарга Билим жана илим министрлигинин мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Г.Ү.Ибраимова, ЫМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Б.И.Атыгаев, Кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин деканы А.К.Койлубаева, Кыргыз тили кафедрасынын башчысы Т.Ж.Асирдинова, окутуучулар жана студенттердин катышуусунда болуп өттү.

ЫМУда “Илим – ийне менен кудук казгандай” аталыштагы жаш окумуштуулардын республикалык илимий-практикалык конференциясы онлайн форматта уюштурулду

2021-жылдын 22-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Илим – ийне менен кудук казгандай” аталыштагы жаш окумуштуулардын республикалык илимий-практикалык конференциясы онлайн форматта болуп өттү. Иш-чарага К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, И.Арабаев атындагы КМУ, БатМУ, КПИ, С.Нааматов атындагы НМУ, ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимпоздору жана магистратура, аспирантура программаларында билим алып жатышкан жаш окумуштуулар катышышты.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУ мектеп окуучуларынын информатика боюнча Альтернативалык олимпиадасынын IV этабын өткөрүү иштерине катышты


20-21-апрель күндөрү табигый-техникалык илимдер боюнча мектеп окуучулары арасында II Улуттук олимпиада болуп өттү. Олимпиада жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын өзгөчө таланттуу мектеп окуучуларынын жөндөмдөрүн аныктоо жана колдоо көсөтүү, орто жалпы билим берүү уюмдарынын билим берүү чөйрөсүндө студенттердин, мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана чыгармачыл мамилесин өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.

ЫМУнун “Көркөм сүрөт” адистигинин студенттери “Студенттик жаз-2021” Эл аралык онлайн конкурсунда байгелүү орундарга ээ болушту

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун “Көркөм сүрөт” адистигинин III-курсунун студенттери Майрамбек уулу Ынтымак жана Майрамбек уулу Ырыс “Студенттик жаз-2021” Эл аралык онлайн конкурска катышып, Майрамбек уулу Ынтымак- II-орун, Майрамбек уулу Ырыс -III-орунга ээ болушту.