ЫМУда жашыл экономика жумалыгынын алкагында “Quiz Night” интеллектуалдык оюну уюштурулду

2021-жылдын 13-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУда ERASMUS + программасынын EGEA долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан жашыл экономика жумалыгынын экинчи күнүндө “Калдыктарды өзүнчө чогултуу” темасында “Quiz Night” интеллектуалдык оюну уюштурулду. Оюн эки сменада өткөрүлүп: биринчи сменада мектептердин окуучуларынын сегиз командасы (№1,2,3,4,5,6,9,11 мектептер) ойносо, экинчисинде ЫМУнун студенттеринин беш командасы катышты.

ЫМУда жашыл экономика жумалыгы башталды

12-апрелде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ERASMUS + программасынын “Азиянын үч өлкөсүндө: Индия, Кыргызстан, Непалда жашыл экономиканы чыңдоо” (EGEA) долбоорунун алкагында “ЫМУ “жашыл” келечек үчүн!” темасында жашыл экономика жумалыгы башталды. Жашыл жуманын биринчи күнү Каракол шаарынын ЖОЖдорунун студенттери жана мектеп окуучулары үчүн “Калдыктарды өзүнчө чогултуу” темасында лекция болуп өттү.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУ аккредитациядан өтүүдө

2021-жылдын 8-9-апрелинде көз карандысыз Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо максатында институционалдык жана программалык аккредитациядан онлайн форматта өткөрүп жатат. Жалпысынан, бакалавриат боюнча 22, магистратура боюнча 1 жана орто кесиптик билим берүү боюнча 1 билим берүү программалары баалоодон өтүүдө.

Дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын ага окутуучусу дене тарбиясынын заманбап көйгөйлөрүнө арналган форумда доклад окуду

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январында кол койгон “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган жаш студенттердин дене тарбиясынын заманбап көйгөйлөрүнө арналган форумунда ЫМУнун Дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын ага окутуучусу Сулайманов Советбек Эрназарович…

Дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучулары стол тенниси боюнча мелдеште алдыңкы орундарга ээ болушту

3-апрелде Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына жана 7-апрель Элдик революция күнүнө карата Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн ардагерлер арасында стол тенниси боюнча өткөрүлгөн мелдеште К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун табигый илимдер жана дене-тарбия факультетинин дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын…

ЫМУнун ректору Карасаев таануучу Ибраимов Алихан менен жолугушту

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич К.Карасаев изилдөөчү, И.Ахунбаев атындагы КММАнын ординатору Ибраимов Алихан менен жолугушту.

ЫМУда аккредитация боюнча семинар болуп өттү

2021-жылдын 1-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында “ Кесиптик негизги билим берүү программасын (OBEP) иштеп чыгуу жана өркүндөтүү” деген темада семинар болуп өттү.

«Финка Банктын” сатуу боюнча менеджери конок лекция өттү

2021-жылдын 31-мартында ЗАО «Финка Банктын” сатуу боюнча менеджери, финансылык сабаттуулук боюнча тренер Эшенов Данияр Доолоткелдиевич Экономика жана туризм факультетинин студенттерине «Финансы дүйнөсүнө саякат» темасында конок лекция өттү. Лекцияда финансылык сабаттуулук; үй-бүлө жана өздүк финансыны пландоо; финансылык коопсуздук тууралуу кенен баяндама жасады. Студенттерге практиктен маалымат алуу кызыктуу болуп, көптөгөн суроолорун беришти.

Түркиянын Фырат университетинин профессору конок лекция өттү

2021-жылдын 30-мартында Түркиянын Фырат университетинин профессору, ф.и.д., тил жана адабият кафедрасынын башчысы Ержан Алкая Мырза “Түрк тилдеринин учурундагы абалы жана жаңырак аймактары” темасында кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын “Кыргыз тили жана адабияты” адистигинин студенттерине конок лекция өткөрдү.

ТИКАнын Бишкектеги координатору ЫМУга иш сапары менен келди

2021-жылдын 30-мартында Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координатору Осман Уста Мырза жана кызматкери Санжар Алтымышев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине иш сапары менен келип, ректор Иманбаев Аскар Асангазиевич, илимий иштер боюнча проректор Зиялиев Кадырбек Жанузакович жана эл аралык бөлүмдүн башчысы Иманакунова Индира Жекшеналиевна менен жолугушту.