“Ысык-Көл облусунда билим берүү сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иш менен камсыз кылуу” темасында тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 11-мартында Экономика жана туризм факультети “Ысык-Көл облусунда билим берүү сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иш менен камсыз кылуу” темасында тегерек стол өткөрдү. Тегерек стол студенттердин, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жана карьералык өсүшүн камсыз кыла турган билим берүү сапатын жакшыртуу, замандын талаптарына окутуу моделин ыңгайлаштыруу жана факультеттин бизнес-структуралар, мамлекеттик мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында уюштурулган.

ЫМУда 8-март Айымдардын Эл аралык майрамы жана 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө арналган куттуктоо концерти болуп өттү

2021-жылдын 4-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда 8-март Айымдардын Эл аралык майрамы жана 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө арналган куттуктоо концерти болуп өттү. Майрамдык кечеге университеттин жетекчилери жана жалпы окуу жайдын жамааты катышты.

Студенттер HR тармагындагы эксперт менен жолугушту

2021-жылдын 3-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУда студенттердин тренер, коучинг, ЫМУнун ректорунун жаштар саясаты боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Айгүл Иманкулова менен жолугушуусу болуп өттү. Айгүл Иманкулова HR тармагында 11 жылдык тажрыйбасы бар эксперт.

ЫМУнун окутуучулары ERASMUS + программасынын «Modernization of Higher Education in Central Asia through New Technologies» (HiEdTec) долбоорунун алкагында квалификацияларын жогорулатышты

2021-жылдын 2-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУда ERASMUS + программасынын «Modernization of Higher Education in Central Asia through New Technologies» (HiEdTec) долбоорунун алкагында инновациялык билим берүү технологиялары (МКТ) боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарына катышкан окутуучулардын сертификаттарынын салтанаттуу тапшырылышы болуп өттү.

Онлайн форматта ата-энелер чогулушу өттү

26-февраль Экономика жана туризм факультетинин деканы Карыбаева Ч.С., кафедра башчылары Малаев Э.Т., Амантурова Ч.К., Кадырова Г.Б. жана окутуучулары онлайн режимде ата-энелер чогулушун өткөрүштү. Чогулуш ата-энелерди факультеттин акыркы жаңылыктары, окуу процесси, студенттердин сабакка катышуусу жана жетишкендиктери, ошондой эле университеттин жана факультеттин сабактан тышкаркы иштери менен тааныштыруу максатында уюштурулган.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУ Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата уюштурулган акцияга жигердүү катышкандыгы үчүн Диплом менен сыйланды

2021-жылдын 25-февралында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында түрколог, лексиколог, окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “Кылымдарга тете из калтырган залкар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган акциясынын жыйынтыгы чыгарылды.

Студенттердин коворкинг борбору ачылды

2021-жылдын 25-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун 3- корпусунун окуу залында студенттердин коворкинг борбору ачылды. Иш-чарага ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич, окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович, декандар, кафедра башчылары, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты.

Түркиянын КРдагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси жана TTÖMER түрк тилин үйрөтүү борборунун директору ЫМУга иш сапары менен келди

2021-жылдын 19-февралында Түркиянын КРдагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы мырза жана TTÖMER түрк тилин үйрөтүү борборунун директору Ахмет Гөзүбол мырза К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине түрк тили курстарына мониторинг жүргүзүү боюнча иш сапары менен келип…

Эл аралык эне тил күнүнө жана К.Тыныстанов менен Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата илимий-практикалык семинар-конференция уюштурулду

2021-жылдын 17-февраль күнү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Орус филология жана чет тилдер” факультети Эл аралык эне тил күнүнө жана кыргыз тил илиминин белгилүү өкүлдөрү К.Тыныстанов менен Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата илимий-практикалык семинар-конференция уюштурду.

Кесиптик окуу жайдын имаратынын жалпы абалын кароо иштери жүргүзүлдү

2021-жылдын 17-февралында ЫМУнун ректору, Аскар Асангазиевич жана окуу иштери боюнча проректору, Жолдошбек Шамуканбетович университеттин кесиптик окуу жайына (колледжине) барып, имараттын жалпы абалын карап чыгышты.