Студенттердин коворкинг борбору ачылды

2021-жылдын 25-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун 3- корпусунун окуу залында студенттердин коворкинг борбору ачылды. Иш-чарага ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич, окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович, декандар, кафедра башчылары, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Өз сөзүндө Аскар Асангазиевич аталган борбор 12-январда болуп өткөн студенттер менен жолугушуунун натыйжасы экендигин айтып өттү. “Бул жерде биздин студенттер көптөгөн долбоорлорун ишке ашыра алышат деген ишеничтемин” – деп баса белгиледи ректор. Илимий китепкананын директору Кадырова Эркингуль Касымовна республика боюнча эн бай китепканалардын бири болгон ЫМУнун китеп фонду жана жаны алынган китептер тууралуу айтып берди. Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Иманакунова Индира Жекшеналиевна “Борбор эмерек, өнүктүрүүчү китептер, электрондук китеп жана презентация жабдуулары менен жабдылган. Студенттердин иш алып баруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн,” – деп билдирди.Иш-чаранын соңунда активдүү студенттер университеттин китепканасы жөнүндө сөз кылып, Каракол жаштарынын арасында китепканада окуу тенденциясын өстүрүү боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.