УНИВЕРСИТЕТ ЫСЫМЫН АЛЫП ЖҮРГӨН ЗАЛКАР ИНСАН ТУУРАЛУУ

         Касым  Тыныстанов – тилчи-окумуштуу, акын, жазуучу, коомдук-мамлекеттик ишмер. К.Тыныстановдун инсандык өмүрү да (1901-1938), чыгармачылык өмүрү да (1919-1937) кыска болгону менен, ал мыкты окумуштуу, Кыргызстандагы маданий курулуштун таланттуу уюштуруучусу жана жетекчилеринин бири катары  тарыхта  калды.

        Ал 1901-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Чырпыкты айылында туулган. Атасынан араб тамгасында окуп-жазганды үйрөнүп, алгач 1909-1912-жж. айылындагы диний мектепте окуган. 1913-1915-жж. Караколдогу өзбекче жаңы усул мектебинен, 1915-1916-жылдары  Байсоорундагы (азыркы Ананьево) орус мектеп-интернатынан билим алган. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, 1918-жылы кайтып келген. 1919-жылы Ташкендеги Казак-кыргыз агартуу институтуна окууга кирет. Аны 1924-жылы аяктап, Түркстан Республикасынын Академиялык борборунда (Илим комиссиясында) Кара-Кыргыз областтык бөлүмүнүн катчысы, төрагасы, бир аз убакыт «Эркин-Тоо» гезитинин редактору, 1927-1930-жж. Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссары, 1931-1937-жж. Кыргыз маданият курулуш институтунда улуу илимий кызматкер, кийинчерээк анын директору болуп иштеген. 1932-жылы алгачкы болуп доценттик окумуштуулук наамга, 1936-жылы профессорлук окумуштуулук наамга ээ болгон.

         Залкар инсандын үзүрлүү ишмердигинин эң негизги жыйынтыктары катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот:

1. Араб алфавитин кыргыз тилине ылайыктап реформалап чыгууга катышкан жана реформаланган алфавитте кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептерин («Окуу китеби» (1924), «Чоңдор үчүн алиппе» (1926))  түзгөн. Араб алфавитине ылайыктап кыргыз орфографиясын, латын графикасына негизделген жаңы алфавитин жана  латын алфавитине ылайыкташкан орфографияны иштеп чыккан.

2. Кыргыз лингвистикасынын илимий пайдубалын түптөгөн: кыргыз тилинин грамматикасынын теориясын түзгөн; морфология, морфонология, синтаксис, лексикологияга  негиз салган («Биздин тил» (1927), «Кыргыз тилинин морфологиясы» (1934), «Кыргыз тилинин синтаксиси» (1936)). Айрым илим тармактары боюнча терминологиялык системаны биринчилерден болуп иштеп чыккан. Алгачкы лингвистикалык, этнографиялык, фольклористикалык экспедицияларды уюштурган жана  филология илиминин текстология, диалектология, фольклористика бөлүмдөрү боюнча алгачкы илимий билдирүүлөрдү даярдаган.

3. Илим комиссиясында, Академиялык борбордо жана Эл агартуу комиссары кызматтарында иштеген учурундагы эмгектери, иш-аракеттери менен адабият таануу, тарых, этнография, аймак таануу сыяктуу илим тармактарына негиз салган. Кыргызстандагы алгачкы илимий изилдөөлөрдүн багыттарын аныктап, жаңыдан пайда боло баштаган кыргыз илимин уюштуруу жана башкарууга активдүү катышкан.

4. «Манас» эпосун эл арасынан жыйноо, жаздыруу, изилдөө, басмадан чыгаруу, орус тилине которуу боюнча иштердин демилгечиси, активдүү катышуучусу жана жетекчиси болгон.

5. Акын, прозаик-жазуучу, драматург, журналист жана публицист, котормочу-билингвист, саясатчы жана коомдук ишмер катары эмгектери менен  К.Тыныстанов кыргыз адабий тилинин жазма формасын, кыргыз профессионал адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири болгон. Ырлары 1925-жылы Москвадан «Касым ырларынын жыйнагы» деген аталыш менен жарык көргөн.

         Бирок К.Тыныстановдун айрым ырларына, «Жаңыл Мырза» поэмасына, «Академия кечелери» пьесалар циклине курулай сындар айтылып,  өзү «бай-манапчыл, улутчул, буржуазиячыл, алаш-ордочул» деген жалаалар менен ак жеринен айыпталган. 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы атууга өкүм чыгарылган. Жарым кылымдан соң, 1988-жылы толук акталган.