Окумуштуулар кеңеши

Окумуштуулар кеңеши – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин башкаруунун коомдук-кесиптик органы болуп эсептелинет. Окумуштуулар кеңешинин негизги функциялары жана милдеттери – факультеттерди, кафедраларды, башка илимий жана окуу бөлүмдөрүн түзүү, жоюу, ирилештирүү жана бөлүү боюнча маселелерди кароо жана сунуштарды иштеп чыгуу; жогорку окуу жайын өнүктүрүүнүн жылдык жана келечектүү пландарын бекитүү; жогорку окуу жайынын проректорлорунун (жетекчинин орун басарларынын), жогорку окуу жайынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин окуу, окуу-методикалык, илимий, каржылык-чарбалык жана тарбиялык иши боюнча отчетторун угуу жана аларды андан ары өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү; профессордук-окутуучулук курамдын, кафедра башчыларынын, башка окуу жана илимий бөлүмдөрдүн башчыларынын кызмат орундарын дайындоо үчүн белгиленген тартипте конкурстук шайлоолорду өткөрүү; профессор жана доцент илимий наамдарын алууга талапкерлердин иштерин кароо жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын бекитүүсүнө киргизүү, жогорку окуу жайынын илимий жана педагогикалык кадрларын өкмөттүк сыйлыктарга тапшыруу боюнча иштерди кароо болуп саналат.

Окумуштуулар кеңеши ректор (кеңештин төрагасы), проректорлор, окуу бөлүмүнүн башчысы, факультеттердин декандары, кафедралардын башчылары, башка илимий-педагогикалык бөлүмдөрдүн башчылары, профсоюздук жана студенттердин коомдук уюмдары тарабынан түзүлөт.