новости

2021-жылдын 29-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин артыкчылык диплом менен аяктап жаткан жана университеттин коомдук иштерине активдүү катышкан бүтүрүүчү студенттерине ректор Иманбаев Аскар Асангазиевичтин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Ыраазычылык каттарды ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович тапшырды. Жолдошбек Шамуканбетович куттуктоо сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү маанилүү жетишкендиги менен куттуктап, алдыда дагы зор ийгиликтерди каалап, кыялдарындагы ишке орношуп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салымын кошот деп ишенерин билдирди. Факультеттердин декандары Айгүл Кадырбаевна, Назгүл Кусуевна, Кымбат Бейшеновна, Чолпон Сакешовна жана колледждин директору Гуляим Изагалиевналар бүтүрүүчүлөдү окуусун ийгиликтүү аяктап, тиешелүү квалификацияны алышы менен чын жүрөктөн куттукташып, студенттик сонун жылдарды эч качан унутпай, жашоодон өз орундарын таап алдыда чоң максаттарды, чоң жетишкендиктерди каалашты.
Бүтүрүүчү студенттер да өз учурунда университеттин профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылыктарын билдиришип, студенттик мезгил жашоодогу эң кызыктуу: жаңы билим, билгичтик жана жөндөмдүүлүктөр, илимий ачылыштар, жигердүү коомдук иш-чаралар, кызыктуу таанышуулар мезгили болгонун белгилешти.
Урматуу бүтүрүүчүлөр, бүгүн сиздер үчүн жашоонун жаңы горизонттору ачылууда. Баардыгыныздарга Ак Жол!