Студенческий театр “Жалын”

Кыял Асаналиева – филология илиминин кандидаты., доцент, драматург, “Жалын”студенттик  театрдын көркөм жетекчиси,бир-нече китептин автору. 

1992-жылы алгач филология факультетинин астында беш студенттен турган драм кружок ачылат. Эн алгачкы “Тайыз сүйүү – тагдырдын өгөй балдары” аттуу драмасы 1992-жылы 12- майда көрсөтүлүп көрөрмандардын чон колдоосуна ээ болуп, ири ийгиликтерден үмүттөндүргөн. Ошол күндөн баштап ушул күнгө чейин, тактап айтканда туура 20 жыл бою “Жалын”студенттик  театры даярдаган драмалар сахнадан түшпөй, өз күйөрмандарын таап, көптөгөн алкоолорго, мактоолорго ээ.

1993-жылы “Арактан тамган көз жаш”, “Азезилдүү закым” коюлуп, жаштарды сергек жашоого үндөп жана ошондой эле динге болгон көз карашын чагылдырып, олуттуу ойлорду козгогон, түйүндүү суроолордун түрмөгүн көрүүчүлөрдүн эс-акыл элегине салган эле.
”Жүрөктөгү ай” драмасы КТРдын кызыгуусун козгоп, келишим түзүлүп, 2000-жылы “Кылтак” аттуу телепостановка тартылып (реж Ш.Шейшенов) теледен бир нече жолу көрсөтүлгөн. ”Жалгыздыктын тозогу” дүйнө жүзүн каптап келе жаткан апаат болгон СПИД, андан жабыркагандар жөнүндө жазылган драма. 2001-жылы “Спидге жол жок!” аттуу акция менен бул пьеса Бишкектеги бүт ЖОЖдорго көрсөтүлгөн. “Жалын” студенттик театры Бишкектик жаштардын арасынан да көптөгөн күйөрмандарын тапкан болучу.

“Үзүлгөн үмүт”(2000), “Ак куулардын көз жашы”(2001) адеп-ахлак, нравалуулук, экология маселесине арналып жазылган.

“Закым кубалаган балдар”(2003)драмасында замандын оор көйгөйү болгон таштанды же көчө балдардын тагдыры , алардын максаты, үмүтү, коомдун аларга жасаган таш боор мамилеси курч, жүрөктү козгоп зээнди кейиткен деталдар мепнен сүрөттөлөт.Бул драма бүткүл Ыссыккөл областынын мектептерине көрсөтүлгөн.

“Үзүлгөн үмүт”(2003) трагикомедиясында өлүм астында жаткан эне төрт уулунун биринен да жылуу сөз укпай, дарыланууга акчасы жок, аргасыз арманын ичине жутуп, ачкалыктан каза табат.Чыгарма менен таанышкан адамды андагы жүрөк өйүгөн окуялар ойлонтпой койбойт.Бул пьесаны бир гана “Жалын” студенттик театрдын жаштары гана аткарбастан Касымалы Жантошев атындагы музыкалык драмтеатрдын артисттери да бир нече жолу коюп (реж. О. Кожомкулова.) гастролдоп, байгелүү да орундарды алып келишкен.

2007 –жылы театрдын 15 жылдык мааракесинде Кыргыз Республикасынын Маданият жана Маалымат Министрлигинин 18-декабрдагы коллегиянын чечими менен “ Эл чыгармачылыгы менен драма искусствосунун өнүктүрүүдөгү көп жылдык чыгармачылык эмгеги, аткаруучулук жогорку деъгээли жана калкты маданий жактан тейлөөдөгү жигердүү иш аракеттери үчүн Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун “Жалын” студенттик театрынын жамаатына “Элдик коллектив” деген наам ыйгарылды.
2010-жылы “Ысыккөл аймагында адам сатуунун алдын алууга багытталган мобилдик театр”аттуу долбоор ишке киришти. Долбоор Эл аралык миграция уюмунун каржылоосунда, “Лидер” коомдук бирикмесинин аткаруусу менен ишке ашты.Долбоордун өнөктөшү болуп “Жалын” студенттик театры болду. Областтын бардык райондоруна “Айдагы так”(автор, реж. К. Асаналиева.) чыныгы жашоодон алынган окуяны чагылдырган драмалык сюжеттүү спектакль коюлду.Бул долбоор эки жылга созулуп областтын 5 районуна коюлуп, алыс жайгашкан 10 айылга көрсөтүлдү. 2011-жылы “Улгайган куракта зордук-зомбулуксуз жашоо үчүн” аттуу дагы бир чоъ проект менен иштеп “Жалын” студенттик театры “Карт дарактын көз жашы” аттуу драмасы менен төрт областты кыдырып келди. Айта кетсек, Ыссыккөл,Нарын, Талас, Чүй областтарын. Бул проект Евросоюздун каржылоосу менен ишке ашты. 2013-жылы КТРдын “Ибарат” жана “Замана” студияларында ЫМУнун “Жалын”студенттик театры мейманда болуп, “Кара кемпирдин жоруктары” аттуу комедиясындагы образдарды мыкты жаратышып, көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болуп келишти.2016-жылы “Үзүлгөн үмүт” драмасы фильм болуп тартылып бүткүл республикага көрсөтүлүп жакшы бааларды алды.(реж.Амантур Ормуков, продюсер Нурлан Мамакеев) Ушул эле жылы “Менин күйөөм Мачо” аттуу комедия менен бардык борбордогу ЖОЖдорго көлдүк студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап келишти.

2017-жылы майдын 24-26 на чейин Бишкекте үч чон каналда театр мейманда болуп келди. Айта кетсек, НТС “Таъкы шоокум”, КТРК “Замана”, ЭЛТР “Чак түш” телеберүүлөрүнө катышып келишти.

Театрдын жетекчиси Кыял Асаналиевага 13-июнь 2017-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин ЫМУнун ректору Курманбек Кыянович салтанаттуу тапшырды.

Театрдын сахнасында 20 жылдын ичинде 50 дан ашуун драмалар, постановкалар коюп, 3 телепостановка тартылган. Театрда 700 жакын таланттуу студенттер роль жаратып, жеке таланттарын ачып, өз бейнесин көрсөтө алышкан. Кыял Асаналиева 25 жылдан бери таланттуу студенттер менен иштешип келет.

Көпчүлүк таланттуу студенттер, азыркы учурда Кыргызстанга төбөсү көрүнүп калган инсандар, айта кетсек, Талантаалы Бакчиев, Назгүл Мазекова, Карлыгач Жумакадырова, Кыял Шаршеева, Жумагүл Барктабасова, Даражан Исмаилова, Толкун Асирдинова, Мирзат Муканов, Каныкей Бозгунова, Адилет Карыпаев, Таалай Илипбаев, Бакыт Болгонбаев ж.б. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн “Жалын” театрынын чон ийгиликтери дагы алдыда.