Бириккен профсоюздар комитети.

Касым Тыныстанов атындагы  Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен профсоюздар комитети

КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу Кыргыз Республикасынын Конститутциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Профессионалдык союздар жөнүндө”,  “Коомдук бирикмелер жөнүндө”, “Эмгекти коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” ж.б. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин Уставына жана башка ченемдик, укуктук актыларга ылайык аракеттенет.

 Университеттин профсоюзу өткөн кылымдын 40-жылдарында эки жылдык мугалимдер институту түзүлүп, калыптанып жана бекемделип, кийин университетке кайра түзүлүп, жигердүү өнүккөн мезгилинен бери, анын көп кырдуу жана жаратуучулук ишинде алдыңкы оорунду ээлеп келген. Биздин университеттин профсоюздук уюмунун ишмердигинин башкы мазмуну жана негизги стратегиялык багыты болуп, ар дайым эмгек тартибин бекемдөө, университеттин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, студенттери, жамааттарынын ортосунда мелдештерди уюштуруу, кызматкерлерди жана студенттерди социалдык экономикалык жактан коргоо жана колдоо көрсөтүү, алардын кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо, жамааттык келишимдердин шартын аткаруу боюнча иштерге катышуу жана көзөмөлдөрдү ишке ашыруу, кызматкерлердин өндүрүштүк ишмердиги жана студенттерди окутуу үчүн жумушчу орундардын коопсуздугуна шарт түзүү, университеттин жамаатынын эс алуусун жана бош убактысын өткөрүүнү уюштуруу, кеңири масштабдагы маданий массалык жана спорттук ден соолукту чыңдоо иштерин жүргүзүү болуп келген.

1940-1990-жылдары профсоюздук комитет стипендиялардын дайындалышына жана берилишине, жатаканадан орун берүүсүнө жана жатаканалардын, ашкананын иштөөсүнө,эл керектөөчү таңсык товарларды, ж.б. бөлүштүрүүнү, көзөмөлдөөнү   ишке ашырып келди. Университеттин профсоюзунун ишинде бул жылдары өзүнүн кызматкерлеринин турак жай маселесин чечүү өзгөчө орунду ээлеген. Мында кезекке тургузуу, тиешелүү курулуш уюмдары жана мамлекеттик мекемелер менен байланыш түзүү, алынган турак жайды бөлүштүрүү маселелерин чечишкен.

Университеттин профсоюзунун уставдык милдеттерин ишке ашырууда анын профсоюздук жетекчилигинин жогорку кесиптик адистиги жана ишкердик сапаттары ар дайым жардам берип келген.

ЫМУнун профсоюзунун ар түрдүү мезгилдерде   профсоюз лидерлеринен болушкан: З.Бабаназарова, Д.Стамов, К.Ибаков, О.Карашев, Р.Бекмухамедова, К.Бектурганова, Б.Муратов, З.И.Плех, Г.Т.Алдеева өз мезгилдеринде эмгек мыйзамдарына жана профсоюздун уставына ылайык алгылыктуу иштерди жүргүзүп, үзүрлүү эмгек өтөшкөн.

Учурда профсоюз комитетин  Каракол шаардык Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги, филология илиминин кандидаты, доцент Т. Ж. Асирдинова жетектейт.


Бириккен профсоюздар комитетинин төрайымы.

  • Туулган жылы:  13-декабрь  1975-жыл
  • Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлү, төрт баланын энеси
  • Жашаган жери:  Ысык-Көл областы, Каракол  ш.  Масанчи көч. № 23.

 Билими:

  • К. Тыныстанов атындагы ЫМУ    1996-ж.
  • Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Илимий даражасы:

  • Доцент, филология илимдеринин кандидаты

Эмгек жолу:

  • 1998–1999-ж. Москвадагы укук жана ишкердүүлүк институтунун Каракол шаарындагы филиалында окутуучу.
  • 2003-ж. К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили кафедрасында окутуучу
  • 2008 –ж.. “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу.
  • 2009-2011-ж. “Факультеттер аралык кафедрасынын” башчысы
  • 2011-ж.  Кыргыз тили кафедрасынын доценти
  • 2019-2021-ж. Кыргыз тили кафедрасынын башчысы
  • 2021-ж Каракол шаардык кеңешинин депутаты, Төраганын биринчи орун басары

Сыйлыктары: 

    • Ысык-Көл областык мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы    2008-ж

 

    • К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун Ыраазычылык каты 2018-ж

 

    • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ардак Грамотасы  2019-ж

 

    • КР билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин Ардак Грамотасы 2020-ж.

 

    • КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Төш белгиси 2020-ж.

 

    • Билим жана илим профсоюзунун Отличниги 2021-ж.

 

    • Каракол шаардык кеңешинин Ардак Грамотасы 2021

 

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак Грамотасы

Тил билүүсү:

  • Кыргыз тили, орус тили – эркин
  • Англис, түрк тили – базалык
  • Компьютердик билимдери: Word, Excel, Power Point, Internet, оргтехника

    Кошумча маалымат:

  • Коммуникабелдүү, толеранттуу
  • Билимин өркүндөтүүгө арналган 25 сертификаттардын ээси

Байланыш тел: 03922 5-23-80,  моб.: (0705)39-46-88, (0771)39-46-88
 e-mail: tolkun-1975@mail.ru


Жумашева Жыпаркүл Сабыровна  профсоюз комитетинин эсепчиси

Байланыш тел: 03922 5-23-80,  моб.:0705 125913


 
 
 
 
 
 

Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун бириккен профсоюздар комитетинин жана президиум мүчөлөрү

1 Асирдинова Толкун   

Жолдошовна

Бириккен профсоюздар комитетинин төрайымы
2 Атыгаев Бакытбек Исаевич Мамлекеттик тил  жана жаштар саясаты боюнча проректор
3 Мамыров Жекшебай Мамырович Ветерандар комитетинин төрагасы
4 Борбодоев  Кубатбек   

Сактанбекович

Бириккен  профсоюздар  комитетинин  текшерүү комиссиясынын  төрагасы.
5 Токтогулов Мундуз   

Исаевич

Эсеп кысап бөлүмүнүн башчысы,
6 Арбаев Калысбек   

Асанович

Профсоюз комитетинин президиум мүчөсү
7 Торубаева Үпөл   

Сокубашовна

Физика  жана электркамсыздоо кафедрасынын окутуучусу,профбюросунун төрайымы.
8 Байболотов Бакытбек   

Андабекович

Маалыматтык системалар жана технологиялар каф. башчысы, профбюросунун  төрагасы.
9 Садырбаев Кабылбек  Бейшенбекович Башкаруу аппаратынын профбюросунун төрагасы.
10 Абдыраманова Назгүл Турумкуловна Табигый илимдер  кафедрасынын окутуучусу, профбюросунун төрайымы.
11 Сманова Нургүл   

Сартбаевна

Эсеп кысап жана пландоо финансылык бөлүмүнүн профбюросунун төрайымы.
12 Иманакунова Индира Жекшеналиевна Филология факультетинин профбюросунун төрайымы.
13 Джумашева Жыпаркүл Сабыровна Бириккен профсоюздар комитетинин эсепчиси.
14 Атабаева Асель Мелисовна Илимий китепкананын профбюросунун төрайымы,
15 Асанова Бурул   

Абдылдаевна

Административдик  чарбалык кызматкерлеринин профбюросунун төрайымы.
16 Орозалиева Рахат   

Акимбаевна

Бириккен профсоюздар комитетинин текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
17 Асанбекова Чынара   

Асековна

Бириккен профсоюздар комитетинин текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
18 Термечиков Медет Аскерович Педагогика факультетинин профбюросунун төрагасы
19 Турсунбаева Гульмира Сартбаевна Экономика, туризм жана тарых факультетинин профбюросунун төрайымы.
20 Азимова Айсулуу Азимовна Колледждин  профбюросунун  төрайымы.
21 Жолочиев У Студенттик профсоюз комитетинин төрагасы

 

Профсоюз комитетинин президиум мүчөлөрү

1 Асирдинова Толкун   

Жолдошовна

Бириккен профсоюздар комитетинин төрайымы
2 Атыгаев Бакытбек Исаевич Мамлекеттик тил  жана жаштар саясаты боюнча проректор
3 Токтогулов Мундуз   

Исаевич

Эсеп кысап бөлүмүнүн башчысы
4 Борбодоев  Кубатбек   

Сактанбекович

Бириккен  профсоюздар  комитетинин  текшерүү комиссиясынын  төрагасы.
5 Арбаев  Калысбек   

Асанович

Бириккен  профсоюздар  комитетинин  президиум мүчөсү
6 Торубаева   

Үпөл Сокубашовна

Физика жана электркамсыздоо кафедрасынын ага окутуучусу
7 Иманакунова Индира Жекшеналиевна Филология  факультетинин профбюросунун төрайымы.
8. Байболотов Бакытбек  Андабекович Математика жана  информациялык технологиялар  каф.башчысы
9. Жолочиев У Студенттик профсоюз комитетинин төрагасы.

Профсоюз комитетинин текшерүү

комиссиясынын мүчөлөрү

1 Борбодоев  Кубатбек   

Сактанбекович

Бириккен  профсоюздар  комитетинин  текшерүү комиссиясынын  төрагасы.
2 Орозалиева Рахат   

Акимбаевна

Бириккен профсоюздар комитетинин текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
3 Асанбекова Чынара   

Асековна

Бириккен профсоюздар комитетинин текшерүү комиссиясынын мүчөсү.