ЫМнун профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери ишембиликке чыгышты

КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 19-мартында №142 тескемесине ылайык, “жашылдандыруунун үч айлыгынын” алкагында, бүгүн К.Тыныстанов атындагы ЫМнун профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери ишембиликке чыгышты. Өлкөдөгү санитардык-эпидемиялогиялык кырдаалды эске алып, аралыкты туура сактап, эрежеге ылайык иш алып барылды.

Каракол шаарынын тазалыгы үчүн ар бир жаран өз салымын кошууга милдеттүү. Андыктан айлана-чөйрөнү акыр-чикирден арылтып, көчөттөрдү отургузуп, жашылдандыруу иштерин жандандыруу керек.