K.Тыныстанов атындагы ЫМУнун факультеттеринин декандары, кафедра жана бөлүм башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү

2021-жылдын 14-майында К.Тыныстанов ат.ЫМУнун факультеттеринин декандарынын, кафедра жана бөлүм башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында 2021-2022-окуу жылына даярдыктар жана билим берүү программаларынын жана институционалдык аккредитациянын жыйынтыгы менен берилген сунуштарды ишке ашыруу маселелери каралды. Жыйындын соңунда ректор Иманбаев Аскар Асангазиевич КР Президенти С.Н.Жапаровдун жарлыгы менен “Эне даңкы” медалына ээ болгон кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын доценти К.Асаналиеваны, ЖАК тарабынан кандидаттык иши бекитилген, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын башчысы Ч.Амантурованы, Каракол шаардык кеңешине депутаттык мандатка ээ болгон Т.Асирдинованы, юбилейдик даталарды белгилеп жатышкан Ч.Курманалиеваны жана И.Бутенкону куттуктап гүл белек тапшырды