«Жогорку окуу жайларда аралыктан окутуунун артыкчылыктары жана көйгөйлөрү» темасында илимий-методикалык семинар

18-майда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетинин «Машина таануу жана автомобиль транспорту» кафедрасында «Жогорку окуу жайларда аралыктан окутуунун артыкчылыктары жана көйгөйлөрү» аттуу темадагы илимий-методикалык семинар болуп өттү. Семинар т.и.к., доцент Аканов Д.К. тарабынан уюштурулду.Семинарда учурдагы пандемия шартында онлайн форматта билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары ошондой эле кемчиликтери тууралуу кеңири баяндама берди. Семинардын жүрүшүндө жогорку окуу жайларда аралыктан окутуу боюнча маселелер каралды. Мындан тышкары чет өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы аралыктан окутуунун өзгөчөлүктөрү, уюштурулушу жана жетишпеген жактары боюнча түрдүү ой-пикирлер жана сунуштар кафедра мүчөлөрү тарабынан кызуу талкууга алынып, кеңири талданды. Жогорку окуу жайларда аралыктан окутуунун артыкчылыктары жана көйгөйлөрү боюнча көптөгөн жакшы ой-пикирлер, сунуштар кафедранын мүчөлөрү тарабынан айтылды.