К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде филология илимдеринин доктору, профессор Жүзөкан Осмонова эженин 90 жылдык маарекесине арналган

2021-жылдын 26-майында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде филология илимдеринин доктору, профессор Жүзөкан Осмонова эженин 90 жылдык маарекесине арналган “Тилди изилдеп, илим кенин каздыңыз, 90 жаштын туу чокусун аштыңыз” аттуу юбилейлик онлайн конференциясы жогорку деңгээлде өттү.
Маңыздуу өмүр сүрүү бул – жеке керт башың үчүн эмес, коом үчүн, келечек үчүн кызмат кылуу. Андыктан 70-жылдан ашуун убакыт жаш муундарга таалим-тарбия эле бербестен, илимде салмактуу өз орду бар профессор Ж. Осмонова жеке эле окуу жайыбыздын кадыр-баркы, сыймыгы гана эмес, өлкөбүздүн да сыймыгы экенин бүгүнкү конференциянын ардактуу катышуучулары: Филология илимдеринин доктору, профессор А. Иманов, академик Абдылдажан Акматалиев, филология илимдеринин доктору, профессор Бейшебай Усубалиев, профессор Кадыралы Коңкобаев ж.б. илимпоздорубуздун өз сөздөрүнөн баамдоого болот.
Илим кенин казган, улуттук билим берүү системасын, тил илимин өнүктүрүүгө зор салым кошкон урматтуу устатыбызды 90 жаш торколуу тою менен дагы бир ирет куттуктайбыз. Жүзөкан эже, мындан ары да, ден соолукта болуп, окуу жайыбыздын көркү, сыймыгы болуп жүрө беришиңизге чын дилибизден тилектешпиз!
Иш чаранын соңунда катышуучулар, конференциянын уюштуруучуларына жана ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевичке терең ыраазычылык билдиришти.