Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө

2021-жылдын 2-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын негизинде “Азыркы коомдо руханий адеп-ахлактык жана дене тарбиялоонун баалуулуктары” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияны К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун илимий иштер боюнча проректору, т.и.д., профессор К.Ж.Зиялиев ачып, КР министрлер кабинетинин Ысык-Көл областтык өкүлчүлүгүнөн жана Каракол шаардык мэриясынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Конференциянын пленардык жыйынында педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор А.М.Мамытов, Н.О Мааткеримов., К.Д.Добаев, Р.Н.Токсонбаев, Т.М. Сияев жана С.С.Сакиева докладдары менен катышышты.
Конференция азыркы коомдо руханий адеп-ахлактык жана дене тарбиялоонун баалуулуктарын өнүктүрүүнүн, жолдорун, руханий маданий жактан калыптандырууга жана жайылтуу маселелерин, билим берүү системасында жана илимде жаңылоонун жолдорун натыйжаларын заманбап маданий тенденциялардын көз карашынан талдоого алуу максатын көздөдү.