Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тажрыйбалары» аттуу практикалык семинар болуп өттү.

2021-жылдын 4-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары тарабынан «Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тажрыйбалары» аттуу практикалык семинар болуп өттү.
Семинарды университеттин ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев ачып, семинардын жүршүнө ийгилик каалап жана учурдун актуалдуу темасы экендигин кубаттады.
Семинар эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктү филология илимдеринин кандидаты Калия Кулалиева Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин долбоору катары даярдалган ««Mанас» эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү» аттуу 7 томдук китеп менен тааныштырды.
Ал эми экинчи бөлүктү Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучулары Рахат Аскарова жана Гулбарчын Абдрахмановалар «Кыргыз тилин үйрөтүүдө жазуу жөндөмүн өнүктүрүү (окуп түшүнүү, грамматика, тест түзүү)» жана «Кыргыз тилин үйрөтүүдө жазуу жөндөмүн өнүктүрүү (жат жазуу, угуп түшүнүү көндүмдөрүн өстүрүү)» боюнча докладдарын жасашты.
Семинардын жүршүндө докладдардын негизинде кызуу талкуу жүрүп, мындан ары эки унверситеттин ортосунда бир багытты көздөп, бир максатта тыгыз кызматташууну пландаштырышты.
Ректор мындан ары университеттердин ортосундагы кызматташуу колдоорун жана келип өз тажрыйбаларын бөлүшкөн Калия Кулалиева, Рахат Аскарова жана Гулбарчын Абдрахмановаларга терең ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгилик каалады.