Окутуучулардын сапат менеджмент боюнча билимдерин тереңдетүү максатында семинар-тренинг болуп өттү

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2021-жылдын 9-10-июнунда «Менеджер/ISO 9001:2015 жана ISO 21001:2018 боюнча сапатты башкаруу системасынын ички аудитору» темасында семинар-тренинг болуп өттү. Семинардын максаты окутуучуларды бүгүнкү күндүн эң маанилүү темаларынын бири болгон сапат менеджмент боюнча билимдерин тереңдетүү, окуу жайыбыз да бул багытта жасалып жаткан иштер менен тааныштыруу жана мындан ары кандай иштерди жасай ала тургандыгыбыз жөнүндө талкуу болду. Семинарды Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана аккредитация бөлүмүнүн башкы адиси Акмолдоева Сайрагүл Бородоевна уюштурду. Семинарга катышкан кафедра башчылары жана окутуучулар Сапат менеджмент системасы жана анын түзүүчүлөрү жөнүндө кеңири түшүнүк алуу менен өз ойлору менен бөлүштү. Семинардын аягында университеттин ректору Иманбаев А.А. катышуучуларга ийгилик каалоо менен сертификаттарды тапшырды.