Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Д. Купешов Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун жамааты менен жолукту

2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Болотбек Дүйшекеевич Купешов Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты менен жолукту. Жолугушууга КР билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү департаментинин башчысы Марат Усеналиев, КР Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Урумовдор катышты.
Жыйындын башында ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Жолдошбек Токтакунов университет тууралуу маалымат берди.
Министр Болотбек Купешов өз сөзүндө Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 80 жылдык тарыхы бар, мыкты кадрларды даярдаган окуу жай экендигине токтолду. Бирок замандын талабына жараша дагы алдыга умтулуу зарыл экендигин белгиледи жана министрлик университет тарбынан сунушталган инновациялык идеяларды толук колдоп берерин билдирди.
КР Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев да өз сөзүндө, өзү окуп билим алган окуу жайы менен сыймыктанаарын айтып, Каракол шаары мурункудай студенттердин, жаштардын шаарына айланышын каалап, министрликтен регионалдык ЖОЖдор үчүн абитуриенттердин окууга тапшыруудагы босого баллдарын төмөндөтүп берүүнү суранды.
ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев университетте жакынкы убактарда болуп жаткан ийгилектер тууралуу жана алдыда да ишке ашыра турган пландар тууралуу сөз кылды жана региондорду өнүктүрүү максатында педагогикалык адистиктерден тышкары башка да адистиктерге (инженердик, экономикалык) бюджеттик орундарды бөлүп берүүнү суранды.
Жыйынтыктоо сөзүндө Болотбек Дүйшекеевич жамаатты окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, университетке көптөгөн ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.