К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик Университеттин күнүнө карата иш чара өттү

2021-жылдын 22-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Университеттин күнүнө карата иш чара өттү. Университеттин ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев жылдын жыйынтыгы менен окуу жайдын баардык профессордук-окутуучулар курамын, административдик жана чарбалык кызматкерлерди акчалай сыйлоо тууралуу буйругу менен тааныштырды. Ошондой эле бир катар окутуучулар Каракол шаарынын мэриясынын, КР министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жана окуу жайдын Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Кырдаалга байланышттуу иш чара онлайн жана аралыкты сактоо менен оффлайн форматтарда өттү.