Новости

2021-жылдын 30-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Камкордук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде 2020-жылда атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгашалар сметасын аткарылышы; 2021-жылдын апрель айында өткөн аккредитациянын жыйынтыгы тууралуу; К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык жана финансылык потенциалды натыйжалуу пайдалануу максатында оптималдаштыруу комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө; 2021-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгашалар сметасын тааныштыруу; профессордук-окутуучулук курамды жана кызматкерлерди материалдык жактан колдоо жана стимулдаштыруу маселелери каралды.
Аталган маселелер боюнча маалыматтар ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев, башкы эсепчи Мундуз Исаевич Токтогулов, башкы экономист Нургуль Сартпаевна Смановалар тарабынан берилди.
Жыйынга Камкордук кеңеш төмөндөгү курамда катышты:
Керимкулов Туратбек Токтобаевич, Камкордук кеңештин төрагасы;
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич- СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Олимпиада чемпиону, дүйнө жана Европа чемпиону;
Молдокматов Омурбек Кыдырканович, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы;
Ашымбаев Калканбай, Кыргыз Эл жазуучусу;
Мусаходжаева Атыркуль Душоевна, №1 Инновациялык мектеп гимназиясынын мугалими;
Абдрахманов Курсант Барктабасович, К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облусттук драмтеатрдын директору;
Омурканова Айсалкын Ибраевна, ата-эне;
Бейшебаев Эрнис Качкынович, З.Сооронбаева атындагы мектептин директору;
Сариев Фархад Байбосунович, камкордук кеңештин катчысы, экономика жана туризм факультетинин доценти
Ар бир маселеден кийин суроолор берилип, талкуу болду жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Аталган жыйын университеттин бюджетинин ачык-айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.