Новости

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Жүзөкан Осмонованы илим жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери, кыргыз тил илиминин өнүгүшүндө, окуу китептерин түзүүдө жана илимий уюштуруучулук багытта жемиштүү эмгек сиңиргендиги үчүн Эл аралык Айтматов атындагы академиянын Ардактуу Академиги болуп шайланышы менен кызуу куттуктайбыз! Жүзөкан эже, сиздин кыргыз тилилиминин калыптанышындагы салмагыңыз абдан зор жана кыргыз тилинин фразеологиясы боюнча эмгектериңиз, түзгөн сөздүктөрүңүз тил илиминдеги түптүү изилдөөлөрдөн болуп саналат. Ааламдаштыруу арааны бүгүн улуттук илимди бекемдөө, чыңдоо зарылдыгын коюп отурат. Андыктан улуттук маданий байлыктарыбызды сактап калууда, кыргыз тилин санариптештирүүнүн куралы катары колдонууда Сиз сыяктуу даанышман окумуштуулардын эмгектерин баалоо, барктоо зарыл деп эсептейбиз. Демек, Сиз Ардактуу Академик болууга толук татыктуусуз! Ошондуктан Сизди кесиптештериңиздин колдоосуна, сыйына ээ болгон улуу окумуштуу, насаатчы катары дайыма ардактайбыз! Ден соолугуңуз бекем болуп, дөөлөттүү карылыктын доорун сүрө бериңиз! Биз күткөн ийгиликтер дайыма Сиз менен бирге болсун! Бар болуңуз!