Новости

2021-жылдын 7-июлунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетине Туркиянын Османие Коркут Ата университенин делегациясы келди. Делегациянын курамында Османие Коркут Ата университетинин ректору, профессор Тургай Узун, проректору, профессор Жошкун Ѳзалп жана эл аралык байланыштар бѳлүмүнүн башчысы, доцент Жейхун Юкселирлер болушту. Жолугушуунун негизги максаты К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университети менен Османие Коркут Ата университенин ортосунда кызматташтык келишимине жана MEVLANA академиялык мобилдүүлүк программасынын протоколуна кол коюу болду. Университетибиздин ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев ѳз сѳзүндѳ 2 университеттин байланышы илим, билим жана маданият жаатында кыргыз-түрк мамилесин мындан да жогорку деңгээлге чыгараарына ишеничин билдирди. Османие Коркут Ата университетинин ректору Тургай Узун мырза ректорлук кызматка жаңы дайындалып, биринчи эл аралык иш сапарын боордош Кыргыз мамлекетинен баштап жатканын айтып, кол коюлуп жаткан келишимдер жемиштүү болушун каалады. Расмий жолугушуудан соң конокторубуз окуу корпустарбыз менен таанышты. Андан соң Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укутуу ѳкүлү Мирбек Кожоев жана Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаевдер менен да жолугушуулар болду.