Новости

2021-жылдын 23-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан мырза К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине иш сапары менен келди. Иш сапардын негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу болду.Кадырлуу конокту ректор Аскар Асангазиевич Иманбаев тосуп, университет менен тааныштырды. Аскар Асангазиевич өз сөзүндө эки университет бирге иштей турган көп тармактар бар экенин белгиледи. Профессор Алпаслан Жейлан мырза да ЫМУ менен кызматташууга кызыктар экенин белгилеп, бир катар сунуштарын айтты.
Кызматташуунун негизги багыттары төмөндөгүлөр болду:
-эки университеттин студенттерин, окутуучуларын, изилдөөчүлөрүн, изденүүлөрүн, магистранттарын жана аспиранттарын алмашуу;
-орток изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;
-эл аралык кызматташууда бири бирине көмөк көрсөтүү;
-илимий жана маданий иш чараларды биргелешип уюштуруу жана башкалар болду.
Андан соң профессор, Алпаслан Жейлан мырза КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев менен да жолугушту.
Белгилей кетсек май айында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Кыыргыз-Түрк “Манас” университетинин координаторлугу алдында “Түрк дүйнөсүнүн санарип атуулу” атту долбоорго кирген.