Дүйшөн Шаматов менен жолугушуу болуп өттү.

2021-жылдын 26-июлунда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучулары билим берүү боюнча эл аралык деңгээлдеги адис, изилдөөчү, Казакстандын Назарбаев Университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов менен жолугуп, билим берүү жаатындагы маанилүү маселелер боюнча пикир алмашты. Жолугушууда азыркы билим берүүдөгү тенденциялар, өнүккөн мамлекеттердеги билим берүү системаларынын алгылыктуу жактары, билим берүү программалары, билимди баалоого жаңы талаптар, окутууда жана тарбиялоодогу көңүл бура турган жагдайлар жөнүндө талкуулар болду.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети профессор Дүйшөн Шаматовго билим берүү жаатындагы баалуу ой-пикирлери, тажрыйбалары менен бөлүшкөндүгүнө чоң ыраазычылык билдирет. Келечекти өзгөртө алган мыкты адистерди, изилдөөчүлөрдү даярдоодогу асыл максаттарына жетүүгө, билим берүүнү жаңылоого багытталган түйшүктүү иштерине ийгилик каалайт!