К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2021-2022-окуу жылына кызуу даярдыктар жүрүүдө. Студенттерибизди жылуу жана жакшы шартта тосуп алуу максатында ЫМУнун 1-корпусунун терезелери пластик терезелерге алмаштырылып, ремонт иштери болуп жатат. Бүгүн 30-июлда ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич, окуу иштери боюнча проректор Жолдошбек Шамуканбетовичтер баштаган агайлар демилге көтөрүшүп, ишембилике чыгышты.
Аталган ремонт университеттин өз каражатына жасалып жатат, жана башка корпустарда да улантылат.
Эске салсак мындай масштабдуу ремонт иштери 2004-жылдан бери боло элек.