2021-жылдын 27-августунда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер, Кыргыз АССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган «ЖУСУП АБДРАХМАНОВ – УЛУТТУК ЛИДЕР ЖАНА КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А. А. Иманбаев илимий-практикалык конференцияны ачып, офлайн жана онлайн түрдө жалпы катышып жаткан меймандарга, университеттин профессор-окутуучулар жамаатынын мүчөлөрүнө ыраазычылык жана конференциянын ийгиликтүү ѳтүшүнө каалоо-тилегин билдирип кетти. Андан соӊ КР Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан аппарат жетекчиси Р. А. Кыштообаев жана Каракол шаарынын вице-мэри Г. Ж. Орозова куттуктоо сөздөрүн айтып, конференциянын ишине жана окуу жайдын жалпы жамаатынынын ишине ийгиликтерди каалашты.
Пленардык жыйында белгилүү тарыхчы-окумуштуулардын илимий баяндамалары угулду. Анда Эл аралык Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, професор Ормушев Асан Сулайманович Жусуп Абдрахмановдун ата-теги, бир туугандары жана үй-бүлөсү тууралуу жаӊы маалыматтар менен тааныштырса, тарых илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын ат. КУУнун профессору Беделбаев Аскарбек Беделбаевич Жусуп Абдрахмановдун дүйнөтаанымына орус мектептеринин тийгизген таасири тууралуу баяндама кылды. Ал эми тарых илимдеринин кандидаты, ТалМунун доценти Жусупова Моймол Молдобековнанын илимий баяндамасы Жусуп Абдрахмановдун кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө кошкон салымына арналса, тарых илимдеринин кандидаты, К. Тыныстанов ат. ЫМУнун доценти Адыл Кулжигитович Каниметов «Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн инсан» деген аталыштагы баяндамасы менен тааныштырды.
Ушул эле конференциянын алкагында окумуштуу А. С. Ормушев менен изилдөөчү В. Б. Жумалиевалардын «Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер» деп аталган тарыхый-даректүү эмгеги жалпы катышуучуларга презентацияланды. Бул китепте Ж. Абдрахмановдун басып ѳткѳн ѳмүр жолунун жана саясий ишмердүүлүгүнүн урунттуу учурлары Москва, Самара, Оренбург, Алматы шаарларынын архивдеринен алынган соңку документтердин жана анын жакын туугандарынан, жердештеринен жыйналган маалыматтардын негизинде жаңы кѳз караш менен чагылдырууга аракеттер жасалган.
Жогорку деңгээлде ѳткѳн илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына жана меймандарына, ошондой эле аны уюштуруу, өткөрүү иштерине олуттуу салым кошкон илимий иштер боюнча проректор К. Ж. Зиялиевге, филология илимдеринин доктору, кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын профессору А. Э. Абдыкеримовага, ЫМУнун кызматкерлерине тереӊ ыраазычылык билдирип кетебиз.